Бүгүн дагы кошулду. Кыргызстанда коронавирустан төрт киши көз жумду

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ да COVID төрт кишинин өмүрүн алган. Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1077ге жетти.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Акыркы суткада COVID илдетинен төрт адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Каза болгондордун бири Ош облусунун, экөө Баткендин, бири Жалал-Абаддын тургуну экени айтылды.

Ошону менен жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1077ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0