Бир суткада коронавирустан 140 бейтап айыгып, 275 киши жуктурду

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта 1 456 бейтап стационарларда, ал эми 1 533 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканы маалым болду. Өткөн суткада коронавирус төрт адамдын өмүрүн алган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирусту 140 бейтап жеңип, оору 275 кишиден аныкталган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек – 13;
  • Ош шаары – 24;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 41;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 21;
  • Баткен облусу – 2.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 40;
  • Ош – 25;
  • Чүй облусу – 28;
  • Ош облусу – 49;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 47;
  • Баткен облусу – 74.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 48 617ге жетти. Анын ичинен 44 097 бейтап ооруну жеңсе, илдеттен 1 077 адам көз жумду.

Азыркы тапта 1 456 бейтап стационарда, ал эми 1 533 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0