Ош шаарынын борбордук аянты

Бүгүн Ошто абал кандай? Аймак боюнча тексттик баяндама, сүрөт, видео

262
(жаңыланган 13:19 09.10.2020)
Кыргызстандын экинчи борбору Ош шаарында эки күндөн бери митинг болууда. Кечээ, 8-октябрда, 400гө чукул адам чогулуп, борбордук аянтка боз үй тигилип, алар президент Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан.

Эки күндөн бери облустун жетекчиси, шаар мэри улам алмашып, туруксуздук байкалган. Өлкөдөгү элдик толкундоо Кыргызстанда Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгынан кийин жаралды.

Учурда Ошто Sputnik Кыргызстандын кабарчылары иштеп жатат. Кырдаал боюнча абалды биздин баяндамадан билип турсаңыздар болот.

Жаңы билдирүү
  • 12:44

    Ошто кайрадан митинг. Сүрөт

    Президент Сооронбай Жээнбековду колдогондор бүгүн да Ош шаарынын борбордук аянтына митингге чыкты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен кабарлады.

    Аянтка 200гө жакын адам чогулган. Алар Сооронбай Жээнбеков легитимдүү президент экенин айтып, тынчтык митингин белгисиз мөөнөткө чейин уланта турганын билдирүүдө. Чогулгандар президенттин өз ордунда иштешин талап кылышууда.  

    Вид на центральную площадь Оша, где намечается митинг после парламентских выборов. 9 октября 2020 года
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
    Митинг в поддержку Сооронбая Жээнбекова на центральной площади города Ош, после беспорядков вызванных результатами парламентских выборов
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
    Митинг в поддержку Сооронбая Жээнбекова на центральной площади города Ош, после беспорядков вызванных результатами парламентских выборов
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • 12:19

    "Садыр Жапаровду уктук". Оштун мэри кызматка кантип кайтканын айтты. Видео

  • 12:14

    Ош шаардык кеңештин депутаттары кворум болсо Сарыбашевди кайрадан кызматка шайлашат

    "Мэр кадимки ишин улантып жатканын айтты. Ал эми кайра шайлоо боюнча шаардык кеңештин жыйыны кворум жок болгондуктан өтпөй калган. Эгерде кворум болсо Сарыбашевди кайрдан кызматка шайлоо чечими кабыл алынат", - деп билдирди Sputnik кабарчысы Ош шаарынан.

  • 12:13

    Ошто митинг өткөрүүгө  ниеттенишүүдө

    Бүгүн дагы бир топ адамдар тынчтыкка,  ынтымакка чакырган  митинг өткөрүүгө  ниеттенип жаткандыгын билдиришти. Бул боюнча аксакалдар Таалайбек Сарыбашевге киришкен.

    Мэр эпидемиологиялык кырдаалды, карантинди эскертип, митинг өткөрүүгө уруксат боюнча юристтерге кеңешерин айткан.   

  • 11:39

    Аксакалдар мэр Сарыбашевге борбордук аянтта тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат сурап киришти

    Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на своем рабочем месте после парламентских выборов. 9 октября 2020 года
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
    Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов встречается с аксакалами на своем рабочем месте после парламентских выборов. 9 октября 2020 года
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
    Вид на центральную площадь Оша, где намечается митинг после парламентских выборов. 9 октября 2020 года
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
262
Белгилер:
абал, митинг, Ош шаары, Ош облусу, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (470)
Тема боюнча
Милиция Бишкекте түн кандай өткөнүн айтты
Өкмөт үйүнүн алдына Жапаровдун тарапташтары чогулууда. Сүрөт