Курсан Асанов: мен милиция менен биргеликте эл тараптамын

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу Курсан Асанов
Ички иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курсан Асанов милиция көчөдө эл менен бирге тартипти сактоого аракет кыларын айтып, саясий күчтөр бир пикирге келерине үмүттөнөрүн билдирди.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ички иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу Курсан Асанов милиция менен биргеликте бир дагы саясий күчтөрдү колдобой турганын айтып, эл тарабына өттү.

Асановдун айтымында, ал бул кызматка мурдагы жетекчи Кашкар Жунушалиев кетип калгандыгы үчүн келген.

Министрдин милдетин аткаруучу 13 партиянын лидерлерин бир пикирге келип, тез арада абалды мыйзам талаасына алып келүүгө чакырды.

"Азыр ар кандай кептер тарап жатат, коркунуч дагы деле сакталып турат. Өлкөдө мыйзамсыздык болушун мен каалабайм. Бири Жапаровду колдосо, экинчиси Бабановду үгүттөп жүрөт. Мен эч кимисин колдобойм, карапайым эл тараптамын. Коопсуздук кеңешине дагы барбайм", — деди Асанов.

Ал өзүнүн негизги милдети министрдин креслосун ээлеп отуруу эмес, элдин тынчтыгын сактоо экенин айтты.

"Милиция саясаттан тышкары болушу керек, мен ага жардам берем. Мамлекетте абал жакын арада турукташарына ишенем", — деди Асанов.

Сөзүнүн аягында ал Жогорку Кеңешке талапкер катары чыккан партиясына артыкчылык бербей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0