УКМК: башаламандык жараткандар узак убакка камалат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги парламенттик шайлоодон кийинки митингтер
Бишкектеги парламенттик шайлоодон кийинки митингтер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКга кайсы бир күчтөр өзүнүн саясий максаттарын ишке ашыруу үчүн курал колдонуу менен массалык башаламандык уюштурууга аракет жасап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Тынчтык митинги учурунда башаламандык жаратып, жарандардын саламаттыгына зыян алып келгендер Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жазаланып, узак мөөнөткө камакка алынат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКга кайсы бир күчтөр өзүнүн саясий максаттарын ишке ашыруу үчүн курал колдонуу менен массалык башаламандык уюштурууга аракет жасап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Буга байланыштуу УКМК менен ИИМдин ички курамы күчөтүлгөн иш режимине өттү. Учурда ведомстволор аралык ыкчам штаб түзүлүп, алар башаламандык уюштургандарды жана анын уюштуруучуларын кармашат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0