Тилек Матраимовдун шөкөттөлгөн кабинети бош калды. Видео

© Фото / пресс-служба Карасуйского акимиатаКара-Суу районунун акими Тилек Матраимов. Архив
Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акимдин иш ордунун арт жагында өзүнчө ажатканасы, эс алуу бөлмөсү бар экени айкын болду.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун кабинети бош турат.

6-октябрда "районду башкарам" деп келип отуруп алган Руслан Маматов кечээ түштөн кийин кабинетти кайра таштап кеткен. Бул тууралуу акимдин биринчи орун басары, учурда жетекчинин милдетин аткарып жаткан Капар Адиев билдирди.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы акимдин иш бөлмөсүнүн ичин тартып чыкты. Анда иш ордунун арт жагында өзүнчө ажатканасы, эс алуу бөлмөсү бар экени айкын болду.

Матраимов 24-сентябрда дарылануу үчүн эмгек өргүүгө кеткен бойдон кайра жумушка чыккан эмес.

Атамбаев "Форумдан" жоон топ колоннаны баштап "Ала-Тоо" аянтына чыкты

Эске салсак, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана анын эки жакын адамы кыргыз-өзбек чек арасынан өзбек чек арачылары тарабынан 6-октябрда кармалган. Коңшу өлкө аларды бүгүн, 9-октябрда, Кыргызстанга өткөрүп берген. Учурда УКМК убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0