Саясатчылар Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Бабанов тарапташтары менен башкы аянтка келди

Атамбаев менен Бабанов баштаган жоон топ "Ала-Тоо" аянтына келди

259
(жаңыланган 16:57 09.10.2020)
Бишкек шаарындагы "Форумдун" алдына Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулган эле. Аларга Өмүрбек Бабанов тарапташтары менен келип кошулган.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Саясатчылар Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Бабанов тарапташтары менен башкы аянтка келди.

Бишкек шаарындагы "Форум" мекемесинин алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулган эле. Аларга "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов тарапташтары менен келип кошулган.

Андан кийин элди баштаган саясатчылар 7-Апрель көчөсү менен ылдый түшүп, аянтка келишти.

259
Белгилер:
аянт, Өмүрбек Бабанов, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Атамбаев "Форумдан" жоон топ колоннаны баштап "Ала-Тоо" аянтына чыкты
Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизди
БШК форма №2 колдонуу процессин татаалдаштырууну сунуштап жатат
Баткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив

Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

95
(жаңыланган 19:42 25.10.2020)
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап айткандарга баш ийбей, кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

95
Белгилер:
ок атуу, Жаңжал, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты
Эндокринолог Айпери Биримкулова

Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

32
(жаңыланган 18:42 25.10.2020)
Эндокринолог Айпери Биримкулова калкан безинин салмагы 15-20 грамм болгону менен адам организми үчүн өтө маанилүү функцияны аткарарын айтты.
Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

Йод жетишсиз болгондо богок оорусу пайда болот, бирок анын ашыкчасы да дартты чакырат. Бул тууралуу Айпери Биримкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, деңиз азыктарында жана балык этинин курамында йод көп.

"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан климатыбызга жараша йод жетишсиздиги көп байкалат. Андыктан тамак-ашка йоддолгон тузду колдонуу керек. Бирок йод ашыкча болгон учурда да адам ар түрдүү ооруларга чалдыгат. Мындай учурда кишинин чачы түшүп, ачуусу бат келип, депрессияга кабылып, өзүн чарчаңкы сезип, ал тургай колдору титиреп, жүрөгү катуу согуп, көзү чанагынан чыгып кетейин деп чоңоюп кетиши мүмкүн. Бул учурда, өкүнүчтүүсү, көпчүлүк бейтаптар башка органдарын текшертип же психологдун жардамын күтүп жүрө беришет", — деди Биримкулова.

Ал оорунун жогорудагыдай белгилери байкалган учурда алгач эндокринологдорго кайрылып, гормондорун текшертип алышы зарылдыгын кошумчалады.

32
Белгилер:
Айпери Биримкулова, йод, ден соолук
Тема боюнча
Турсункулова: Кыргызстанда 617 000 адам кант диабети менен жабыркайт