Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖаан учурунда кишилер кол чатырлар менен
Жаан учурунда кишилер кол чатырлар менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо, тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ишемби күнү, 10-октябрда, күндүз Чүйдөн башка облустарда жамгыр, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Күн сууктады! Бишкекте эртеңден тарта жылуулук берилет

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл аймагында +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18 Нарын жергесинде +8...+13 градус болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +12...+14 жана Ошто +16...+18 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0