Бишкектеги митинг учурунда

Бишкекте 9-октябрда кандай окуялар болду. Күн жыйынтыгы

622
(жаңыланган 23:32 09.10.2020)
Бүгүн Бишкекте Садыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары митинг уюштуруп, ортодо кагылышуу болду.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 9-октябрда кандай окуялар болгонун тизмектеп, күндүн жыйынтыгын чыгармакчы.

1. "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги премьер-министрлик кызматка көрсөтүлдү. Чечим "Ата Мекен", "Бир Бол", "Республика" жана "Реформа" партияларынын лидерлери кол койгон "Акыркы үмүт" меморандуму менен бекитилген.

Ал эми Тилек Токтогазиев биринчи вице-премьерлик кызматка көрсөтүлдү.

2. Борбор калаада эски жана жаңы борбордук аянтта эки ири митинг өттү. Анын бирин Садыр Жапаровдун тарапташтары, экинчисин мурунку президент Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов жана Сапар Исаков баштаган адамдар уюштурган. Алгач "Форум" имаратынын алдына "Ата Мекен", "Бир Бол", "Республика", "Реформа" партияларынын тарапташтары чогулган. Алар өлкөнү укуктук талаага кайтарып, парламенттин премьер-министрди шайлашын, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ аралашпаган бийликти талап кылышкан.

Ал эми ошол маалда Өкмөт үйүнүн алдында өзүн премьер-министр деп атаган Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп турду.

3. Алмазбек Атамбаев Сапар Исаков, Өмүрбек Бабанов баштаган саясатчыларды баштап жоон топ колонна менен "Форумдан" "Ала-Тоо" аянтына чейин басып келишти.

4. Лидерлер трибунадан сүйлөп баштаганда Жапаровдун тарапташтары келип, кагылышуу башталды. Ок атылып, митингчилер тарап кетүүгө аргасыз болгон. Башкы аянтта дээрлик эч ким калбай калганда Жапаровдун тарапташтары кайра Өкмөт үйүнүн алдына кайтышты.

Бир аздан соң Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева мурунку президент менен Сапар Исаковдун автоунааларына кол салуу болгонун билдирди. Саясатчылар эч кандай жаракат алган эмес, бирок ок сооттолгон машиналарга тийгенин көрсөтүштү. Мындан тышкары, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев менен саясатчы Темир Сариевдин жан сакчысы жарадар болгон. Ушу тапта экөөнүн абалы туруктуу деп бааланууда.

5. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке 21-октябрга чейин өзгөчө абал жарыялоо боюнча жарлыкка кол койду. Режим 10-октябрдан тарта күчүнө кирет. ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкектин коменданты болуп дайындалды.

Эми ЖК депутаттары 10-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында чогулуп, премьер-министрди тандоо жана өзгөчө абал режими боюнча маселени карашмакчы.

622
Белгилер:
Сапар Исаков, Өмүрбек Бабанов, Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров, премьер-министр, Митинг, Бишкек, окуя
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Эртең ЖК депутаттары резиденцияга чогулуп, премьер-министрди шайлайт
Жээнбеков: элдин тынчтыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоо үчүн бардыгын жасайм
Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы

Шаршембиге карата аба ырайы

38
Синоптиктер шаршембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөй турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү, 21-октябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14...+19 градус жылыйт.

Чоң Алайда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Күндүн табы Бишкекте +23...+25 жана Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.

38
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
2-ноябрда Жерге астероид түшүшү ыктымал
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев

COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны

161
(жаңыланган 20:12 20.10.2020)
Эртең менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган Түлеев Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин шаар башчысынын милдетин аткарып калды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу жетекчинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Түлеев бүгүн эртең менен вице-мэрликке дайындалып, шаар башчысы Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин калаа жетекчисинин милдетин аткарып калды.

Түлеев: чынын айтсам, мэрияга баргым келген эмес

Түлеев вице-мэрлерди, акимдерди жана шаар кызматтарынын жетекчилерин чогулткан.

"Мэрдин милдетин аткаруучу коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык абалга тынчсыздануусун билдирди. Экономика жана финансы боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаевге райондук салык башкармалыктарынын жетекчилерин чогултуу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Түлеев эпидемиологиялык абал өлкө боюнча татаал экенин белгилеп, вирус жайылып кете турган болсо шаар ага даяр болушу керектигине токтолгон.

Мындан тышкары, жыйында шаар кызматтары калааны тазалоо иштерин күчөтүшү керектиги кошумчаланды.

161
Белгилер:
эпидемия, жыйын, Бишкек мэриясы, Нариман Түлеев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Абакта "авторитет" болгон. Бишкек мэрлигине кайра келген Түлеев жөнүндө 7 факты
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

136
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

136
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы