Бишкекти көздөй аскер техникасы келе жатабы? Видео

Жазылуу
Мамлекет башчы бүгүн борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Социалдык тармактарда сооттолгон аскер техникасы катуу ылдамдык менен бара жаткан видео тарады.

Аталган видеонун автору колонна Бишкек шаарын көздөй бара жатат деп болжолдоодо. Соттолгон техника Токмоктон саат 21.30да чыкты деп айтканын угууга болот.

Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор эртеси Бишкекте митингге чыккан. Ошондон бери арты-артынан уланган акциялар токтой элек.

Эртең ЖК депутаттары резиденцияга чогулуп, премьер-министрди шайлайт

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 9-октябрда саат 20.00дөн 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү киргизүү тапшырмасы берилген. Ал эми Ички иштер министрлиги өзгөчө абал 10-октябрдан тарта күчүнө кире турганын билдирди. Бул коомдук-саясий кырдаалды тезирээк турукташтыруу жана коомдук тартипти иретке келтирүү максатында жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0