Бакнтык карталар жана доллар купюралары. Архив

Банктык картанын номерин билген киши акча уурдай алабы? Жооп

314
Адистин айтымында, картадагы акчаларды чыгарып алуу үчүн анын ээсинин аты-жөнүн, жарактуу мөөнөтүн жана CVV-кодун билүү зарыл.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Банктык картанын номерин гана көрүп калган киши эсептеги акчаларды уурдап ала албайт. Бул тууралуу "Прайм" басылмасына ишканалардын санариптик коопсуздугу боюнча "Инфосистемы Джет" борборунун бөлүм башчысы Алексей Сизов билдирди.

Адистин айтымында, картадагы акчаларды чыгарып алуу үчүн анын ээсинин аты-жөнүн, жарактуу мөөнөтүн жана CVV-кодун билүү зарыл.

"Айрым шылуундар булардын бардыгын билип алуу үчүн банк кызматкери катары телефон чалышы мүмкүн. Банк кандайдыр бир акция өткөрүлүп жатат деген шылтоо менен сизден көп маалымат алып коюшу ыктымал", — дейт Сизов.

Буга чейин ал мурда кызматын пайдаланып көрбөгөн интернет-дүкөндөрдө банктык картаны колдонуу кооптуу экенин айткан. Мындан улам адис интернет аркылуу соода кылганда 100 пайыз ишенимдүү гана дүкөндөрдүн же ишканалардын кызматын пайдаланууга чакырган.

314
Белгилер:
акча, коопсуздук, Visa карта, шылуун
Тема боюнча
Кыргызстанда банктык карталар менен кантип акча табууга болот? Жол-жобосу
Баткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив

Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

35
(жаңыланган 19:42 25.10.2020)
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап айткандарга баш ийбей, кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

35
Белгилер:
ок атуу, Жаңжал, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты
Эндокринолог Айпери Биримкулова

Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

23
(жаңыланган 18:42 25.10.2020)
Эндокринолог Айпери Биримкулова калкан безинин салмагы 15-20 грамм болгону менен адам организми үчүн өтө маанилүү функцияны аткарарын айтты.
Биримкулова: организмде йод ашыкча болсо оору алып келет

Йод жетишсиз болгондо богок оорусу пайда болот, бирок анын ашыкчасы да дартты чакырат. Бул тууралуу Айпери Биримкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, деңиз азыктарында жана балык этинин курамында йод көп.

"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан климатыбызга жараша йод жетишсиздиги көп байкалат. Андыктан тамак-ашка йоддолгон тузду колдонуу керек. Бирок йод ашыкча болгон учурда да адам ар түрдүү ооруларга чалдыгат. Мындай учурда кишинин чачы түшүп, ачуусу бат келип, депрессияга кабылып, өзүн чарчаңкы сезип, ал тургай колдору титиреп, жүрөгү катуу согуп, көзү чанагынан чыгып кетейин деп чоңоюп кетиши мүмкүн. Бул учурда, өкүнүчтүүсү, көпчүлүк бейтаптар башка органдарын текшертип же психологдун жардамын күтүп жүрө беришет", — деди Биримкулова.

Ал оорунун жогорудагыдай белгилери байкалган учурда алгач эндокринологдорго кайрылып, гормондорун текшертип алышы зарылдыгын кошумчалады.

23
Белгилер:
Айпери Биримкулова, йод, ден соолук
Тема боюнча
Турсункулова: Кыргызстанда 617 000 адам кант диабети менен жабыркайт