Аскер унаасы “Ала-Арча” резиденциясынын тосмосун сүзүп алды. Видео

© Sputnik / Эламан Карымшаков“Ала-Арча” резиденциясынын алдында аскердик унаа
“Ала-Арча” резиденциясынын алдында аскердик унаа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээтен бери резиденцияга аскер техникасы алып келинүүдө. Учурда мамлекеттик мекеменин айланасында аскердик унаалар турат.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкектин түштүгүндөгү “Ала-Арча” резиденциясынын тосмосун аскердик унаа сүзүп алды.

Окуянын видеосу Sputnik Кыргызстандын Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан аскердик унаа резиденцияны айланта курчаган тосмонун бир капталын сүзүп алганын көрүүгө болот.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны болору күтүлүп жатат.

"Ала-Тоо" аянтына аскер унаалары келе баштады. Сүрөт

Эске сала кетсек, кечээ, 9-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий окуяларга байланыштуу өзгөчө абал киргизип, Бишкекке аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү алып келүүнү тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0