Бишкек комендатурасынын сall-борбору иштей баштады. Номери

© Sputnik / Табылды КадырбековЖумуш ордундагы ИИМ кызматкери. Архив
Жумуш ордундагы ИИМ кызматкери. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада саясий окуяларга байланыштуу 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү жарлыгына кол коюлуп, анын алкагында комендатура түзүлгөн болчу.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бишкек комендатурасынын сall-борбору ишке киргизилгенин шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган борборго 1312 кыска номерине чалып байланышууга болот.

Белгилей кетсек, ушул эле номер жайында коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режиминде да шаардыктарга кызмат көрсөткөн.

Бишкек комендатурасы түзүлдү. Алмазбек Орозалиевге кимдер жардам берет

Эске салсак, 9-октябрдан тарта мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алкагында комендатура түзүлүп, жетекчиси болуп ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалган.

Бүгүндөн тарта борбор калаанын тургундары 21:00дөн 05:00гө чейин сыртка чыга алышпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0