Микрофон кармаган журналист. Архив

Журналисттерди коркутуу: медиа уюмдар тынчсыздануусун билдиришти

204
(жаңыланган 01:14 11.10.2020)
Өлкөдөгү медиа уюмдар мамлекет сөз эркиндигин коргоо боюнча милдеттемелерин так аткарышы зарыл экендигин белгилешкен.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы медиа уюмдар ЖМК редакцияларына, журналисттерге кол салуу жана коркутуу фактыларынан улам тынчсызданып жатканын билдирди. Бул тууралуу "Медиа Полис" институтунун маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, акыркы саясий окуяларды чагылдырып, өз милдетин аткарып жаткан журналисттерге коркутуулар болуп, Азаттык, 24.kg, Sputnik Кыргызстан жана Kaktus.media маалымат агенттиктери имаратын кайтарууга элдик кошуундарды чакырууга аргасыз болушкан.

Ошондой эле 10-октябрь күндүз Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылган. 30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң "30 мүнөт убакыт беребиз" деп күзөтчүнү тилдеп кетишкен.

Мындан сырткары, Кой-Таштагы аскерлер чет элдик РИА Новости, ТАСС, Associated Press жана башка ЖМКлардын иштешине тоскоолдук жараткан.

"Биз жогорудагы фактыларга бийлик өкүлдөрүн үн катууга чакырабыз. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында журналисттердин иши, бөтөнчө нааразычылык акцияларын чагылдырышы маанилүү экендиги бир нече жолу тастыкталды. Бүгүнкү окуялар сөз эркиндигине олуттуу коркунуч туудурганы байкалып турат. Биз бийликти журналисттерге коопсуз шартта иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мамлекет сөз эркиндигин коргоо боюнча милдеттемелерин так аткарышы зарыл экендиги белгиленген.

Журналисттерге тынчсыздануусун билдиргендер:

  • "Медиа Полис" институту;
  • Журналисттердин көз карандысыз союзу;
  • Internews уюмунун КРдеги өкүлчүлүгү;
  • Тынымгүл Эшиева;
  • Динара Суймалиева;
  • Тамара Валиева;
  • Авланбек Жумабаев.
204
Белгилер:
коркутуу, журналист, ЖМК, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Садыр Жапаров эмнеге оппозициялык күчтөр менен бирикпей калганын айтты
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери иш учурунда. Архив

Укук коргоочулар: түрмөдө COVID жуктургандар көп. Ага ЖАМКтын жообу

54
(жаңыланган 01:00 29.10.2020)
Укук коргоочулардын айтымына караганда, ЖАМКтын жабык мекемелеринде коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эркинен ажырагандар отурган абактарда коронавирус инфекциясы көбөйүп кеткени боюнча билдирүү туура эмес деген маалымат таратты.

Буга чейин бир топ укук коргоочулар — Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор "Бир дүйнө — Кыргызстан" укук коргоо уюмунун тартылган эксперттери менен чыгарган маалымат таратылган. Алар абактарда, психиатриялык ооруканаларда, балдар үйүндө коронавирус боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашкан.

Алар Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) жабык мекемелеринде COVID-19ду жуктуруп алган көп учурлар бар, ал эми айып салып кармап турган өзүнчө жайларда отургандар үчүн шарттар түзүлгөн эмес дешкен.

Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

"COVID-19 башталгандан тарта ЖАМКта коронавирустун тарап кетишине жол бербөө, аны алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Андан сырткары, профилактикалык жана эпидемияга каршы тиешелүү аракеттер көрүлүп турат", — дешкен аталган ведомстводон.

ДССУнун, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын жана кылмыш-аткаруу системасынын өзгөчөлүгүн эске алып, эл аралык Кызыл жарым ай коомунун көмөгү менен ЖАМКтын медициналык кызматы атайын алгоритмдерди иштеп чыккан.

Алар COVID-19ду профилактикалоо жана аталган инфекцияга чалдыгышы мүмкүн деген адамдарды табуу боюнча түзүлгөн.

"Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, пневмония илдетинен ЖАМКтан төрт киши, ал эми COVID-19дан эки киши каза тапты. Былтыркы жылы ушундай мезгил ичинде пневмониядан үч киши көз жумган", — деп айтышты ЖАМКтан.

Мамлекеттик кызматтан Жазык-аткаруу кодексине ылайык, айып изоляторунда кармалып тургандарга төшөнчү, шейшептер уктаган учурда гана берилет деп кошумчалашкан.

Ведомстводон тартип коргоочулар ЖАМК мекемелериндеги абалды туруксуздаштыруу максатында жасалма нерселерди түзүп жатат деп айтышкан.

54
Белгилер:
билдирүү, укук коргоочу, жугуу, коронавирус, түрмө, ЖАМК, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
COVID-19 дагы эки кишинин өмүрүн алып кетти
Шаардык парк

Бейшембиге карата аба ырайы

43
Бейшембиге караган түнү өлкөнүн көпчүлүк райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаайт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 29-октябрда, күндүз республиканын айрым аймактарында жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй менен Талас облусунун өрөөндөрүндө жаан карга айланат. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын жергесинде 15-20 метрге жетет.

Бишкекте абаны булгаган автоунааларды аныктоо үчүн рейд жүрүүдө. Видео

Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас менен Ысык-Көл аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14 жана Нарында +1...+6 градус болору айтылды.

Абанын температурасы Бишкекте +7...+9 жана Ош шаарында +12...+14 градусту көрсөтөт.

43
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

0
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү