Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов. Архив

Фарид Ниязов ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

138
(жаңыланган 11:14 11.10.2020)
Кечээ Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны менен бирге мурунку жан сакчылары Дамир Мусакеев жана Канат Сагынбаев да колго түшкөн.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Эске салсак, Ниязов 10-октябрда массалык башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын УКМКсы менен ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

"Аны кечээ Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камашты", — деди Жолдубаева.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин кармалгандыгы айтылган. Аны менен бирге мурунку жак сакчылары Дамир Мусакеев менен Канат Сагынбаев да кармалды.

Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар

Бишкекте 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Кечинде Ак үйдү алууга жасалган аракеттерден улам милиция менен митингчилердин ортосунда кагылыш болуп, миңден ашык адам жабыркап, бирөө каза болгон. Түндө митингчилер парламенттин имаратын басып алып, андан кийин Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана абактагы башка саясатчыларды бошотушкан.

Алмазбек Атамбаевди кармоо учуру видеого түшүп калган

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Кечинде бир катар парламентарийлер премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүшкөн.

7-октябрда мамлекеттик ишканалар менен компанияларды басып алуу аракети болду. Нааразычылык акциялары уланып, курчуп дагы кетти. Митингчилердин айрымдары Жапаровду премьер-министр кылыш керек десе, экинчилери эски аткаминерлерди люстрациялоону талап кылып жатышты.

8-октябрда президент Сооронбай Жээнбековго депутаттардын кайсы бир бөлүгү импичмент жарыялоо процедурасын баштагандыгы маалым болду.

9-октябрда төрт партиянын өкүлдөрү өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду көрсөтүштү. Анын тарапташтары Атамбаевди колдогон митингчилерге кошулган. Аянтка уюшкан кылмыштуу топторго каршы чыккандар да келип кошулушту. Кийин митингчилер менен Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда кагылыш болуп, Атамбаевдин унаасына ок атылган.

10-октябрда Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип берди.

138
Белгилер:
убактылуу кармоочу жай, Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
УКМК Фарид Ниязовду кармады
УКМК Курсан Асановду дагы кармады
ИИМ: Атамбаевдин уулдары күбө катары кармалып, кайра коё берилди
Коронавируска кабылган баланы дарылоо. Архивдик сүрөт

Дарыгер коронавируска кабылган балдарды дарылоонун өзгөчөлүктөрүн айтты

6
(жаңыланган 10:14 29.10.2020)
Эгер бала коронавирустун жеңил формасына кабылса, анда аны үйрүлүп түшүп дарылоонун кажети жок. Жеңил тамак белендеп, суюктукту көп берип, тынч жаткырыш керек.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россиянын медицина илимдеринин кандидаты Ирина Добрецова балдарда коронавирус кандай өтөрүн жана аны дарылоонун өзгөчөлүктөрүн айтып берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Дарыгердин айтымында, балдар ооруну чоңдорго салыштырмалуу жеңил көтөрүшөт.

Эгер бала коронавирустун жеңил формасына кабылса, анда аны үйрүлүп түшүп дарылоонун кажети жок. Жеңил тамак белендеп, суюктукту көп берип, тынч жаткырыш керек.

"Мага келген бейтаптардын көбүндө эле оору жеңил формада өтөт. Кадимки сасык тумоо сыяктуу. Качан гана тест тапшырганда алардан коронавирус табылчу. Алы кетет, тамакка табити тартпай, бир аз жөтөл байкалат", — деди Добрецова.

Медик балдарда коронавирус менен сасык тумоону айырмалай билүү татаал деп эсептейт. Ошондуктан тест тапшыртуу зарыл.

Добрецова вирус ооруларынан оолак болуш үчүн бөбөктөрдү сасык тумоого каршы эмдетип коюуну сунуштады.

Коронавирустан коргой турчу витаминдүү азыктар тизмектелди

Дарыгер эмчектеги наристелер арасында коронавирус өтө аз кездеше турганын кошумчалады.

"Эмчектеги наристени алып келген учур дээрлик катталган эмес. Бул жерде энесинин иммунитетинен да көп нерсе көз каранды. Эгер анын иммунитети жакшы болсо, бир жашка чыккычакты анын антителосу баланы көп инфекциядан коргойт", — деди дарыгер.

Эң башкысы, баланы көпчүлүккө алып чыкпай, дос, тааныштарга да көрсөтпөй туруу зарыл экени белгиленди.

6
Белгилер:
дарылоо, белги, оору, бала, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустан коргой турчу витаминдүү азыктар тизмектелди
Эт жей албай... Коронавирустан айыккандар дарттын өзгөчө белгилерин аташты
Банкоматтан акча алуу. Архивдик сүрөт

Адис банкомат бербей койгон акчаны кайтарып алуу жолун түшүндүрдү

25
(жаңыланган 10:00 29.10.2020)
Эгер операция банктын өзүнүн банкоматынан аткарылса, акчаңызды тезирээк, тагыраагы, бир жуманын тегерегинде кайтарып бериши керек. Башка банктын банкоматы болсо, кайтаруу мөөнөтү бир айга чейин созулушу мүмкүн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кээде банкомат сураган акчаны жеткирбей берип же таптакыр эле бербей койгон учурлар болот. Мындайда банкоматтын номери менен ийгиликсиз операция аткарылган саатты мүнөт, секундуна чейин эстеп калуу керектигин "Прайм" агенттигине "Синергия" университетинин Укук дисциплинасы департаментинин өкүлү Наталия Пшеничникова билдирди.

"Андан соң болушунча эртерээк кызмат көрсөткөн банкка кайрылуу керек. Акчаны башка банктын банкоматынан алган күндө дагы баары бир сизге картаны берген банк гана жардам бере алат. Ал үчүн доо арыз таштап, анда болгон окуяны толугу менен айтып бериңиз. Жогоруда айтылган банкоматтын номери менен акча суроонун убакыт-саатын дагы так жазыңыз", — деди Пшеничникова.

Банктык картадан акча уурдалса эмне кылуу керек. Кеңештер

Адистин айтымында, банк көйгөй жараткан банкоматта ашыкча болуп калган сумманы, видеокөзөмөлдөн сиздин барган-барбаганыңызды карап, аткарылган операцияларды анализдеп чыгуусу үчүн убакыт талап кылынат.

Эгер операция банктын өзүнүн банкоматынан аткарылса, акчаңызды тезирээк, тагыраагы, бир жуманын тегерегинде кайтарып бериши керек. Эгер башка банктын банкоматы болсо, кайтаруу мөөнөтү бир айга чейин созулуп кетиши мүмкүн.

25
Белгилер:
көйгөй, акча, банкомат, банк
Тема боюнча
Банктык картанын номерин билген киши акча уурдай алабы? Жооп
Кыргызстанда банктык карталар менен кантип акча табууга болот? Жол-жобосу