Ооруканадагы дарыгер. Архив

Коронавирустан дагы үч киши көз жумду

61
(жаңыланган 11:30 11.10.2020)
Август айынын аягынан бери өлүм учурлары катталбай калган эле. Бирок өтүп бара жаткан аптанын башынан бери кайрадан күнүнө бир нече киши коронавирустун айынан акка моюн сунуп жатат.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын ичинен үч жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Көз жумгандардын бири Баткен облусунун, экөө Ош облусунун тургундары болгону айтылды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1 085ке жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды коронавирустан сактануу үчүн тиешелүү эрежелерди сактоо зарылдыгын улам айтып эскертип жатат.

61
Белгилер:
өлүм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1366)
Тема боюнча
Жакындардан ажыраган күндөр унутулду! Штабдын эмоционалдуу билдирүүсү
Кытай коронавирустун экинчи толкунунан кантип кутулду. Тургундардын баяны
Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы

Шаршембиге карата аба ырайы

37
Синоптиктер шаршембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөй турганын маалымдашты. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү, 21-октябрда, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14...+19 градус жылыйт.

Чоң Алайда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Күндүн табы Бишкекте +23...+25 жана Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.

37
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
2-ноябрда Жерге астероид түшүшү ыктымал
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев

COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны

161
(жаңыланган 20:12 20.10.2020)
Эртең менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган Түлеев Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин шаар башчысынын милдетин аткарып калды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу жетекчинин биринчи жыйынында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Түлеев бүгүн эртең менен вице-мэрликке дайындалып, шаар башчысы Азиз Суракматов кызматтан кеткенден кийин калаа жетекчисинин милдетин аткарып калды.

Түлеев: чынын айтсам, мэрияга баргым келген эмес

Түлеев вице-мэрлерди, акимдерди жана шаар кызматтарынын жетекчилерин чогулткан.

"Мэрдин милдетин аткаруучу коронавирус пандемиясы шарттаган экономикалык абалга тынчсыздануусун билдирди. Экономика жана финансы боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаевге райондук салык башкармалыктарынын жетекчилерин чогултуу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.

Түлеев эпидемиологиялык абал өлкө боюнча татаал экенин белгилеп, вирус жайылып кете турган болсо шаар ага даяр болушу керектигине токтолгон.

Мындан тышкары, жыйында шаар кызматтары калааны тазалоо иштерин күчөтүшү керектиги кошумчаланды.

161
Белгилер:
эпидемия, жыйын, Бишкек мэриясы, Нариман Түлеев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Абакта "авторитет" болгон. Бишкек мэрлигине кайра келген Түлеев жөнүндө 7 факты
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

135
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

135
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы