Бишкекке өзгөчө абал учурунда кирип чыгууга болобу? Комендатуранын жообу

© Фото / пресс-служба Генерального штаба ВС КРБлок посттогу аскер кызматкерлери
Блок посттогу аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекке 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам комендатура түзүлүп, жетекчиси болуп ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалган.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Коменданттык саат башталганга чейин Бишкектин аймагында ээн-эркин жүрүп, шаарга кирип-чыкса болот. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти.

Блокпосттор коменданттык саат башталгандан тарта эртең мененки саат 5.00гө чейин гана иштейт.

"Жарандар эркин жүрө алышат. Бирок шаар ичиндеги иштерди саат 21.00гө чейин бүтүрүп алуу зарыл. Эртең мененки бешке чейин шаар кайтарууда болот", — дешти комендатурадан.

Эске салсак, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алкагында комендатура түзүлүп, жетекчиси болуп ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалган. Эми борбор калаанын тургундары 21:00дөн 05:00гө чейин сыртка чыга алышпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0