"Электр станциялары" ААКтын экс-башчысы Авазов кайра абакка отургузулат

© Пресс-служба президента КРУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов. Архив
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Электр станциялары ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТЭЦ иши боюнча 11 жыл эркинен ажыратылган Салайдин Авазов 6-октябрга караган түнү абактан уруксатсыз бошотулгандуктан кайра кармалды.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазовду кармаганын билдирди.

Эске сала кетсек, Авазов 2019-жылы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебей турган болгон.

Фарид Ниязов ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Авазов 6-октябрга караган түнү абактан уруксатсыз бошотулгандуктан кайра кармалды.

"УКМК 11-октябрда ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 6-октябрга караган түнү түрмөдөн мыйзамсыз бошотулган "Электр станциялары" ААКтын мурдагы жетекчиси С.Авазовду кармады", — деп айтылат маалыматта.

Ал жазасын өтөө үчүн ЖАМКтын мекемесине алып келинери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0