Жаан-чачын аз болот. Бир жумага аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКыз жаан учурунда кол чатыр менен
Кыз жаан учурунда кол чатыр менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүн тоолуу аймактарда жаан жаап, бийик тоолорго кар түшөт. Бирок келе жаткан аптада негизинен күн ачык болот.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.

Чүй, Талас облустары

Бүгүн түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 12-15-октябрь күндөрү жаан-чачынсыз болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

11-октябрда Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 12-октябрдан тарта 15-октябрга чейин күн ачык болору божомолдонду.

Ысык-Көл облусу

11-12-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Аптанын экинчи жарымы жаан-чачынсыз болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Нарын облусунда

Башка аймактардагыдай эле бүгүн Нарындын айрым жерлерине жаан жаайт. Ал эми 12-15-октябрда күн ачык болот.

Ал эми 16-17-октябрда Кыргызстан боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0