Эскертүү! Бүгүн кечинде Бишкекте коменданттык саат иштеп баштайт

© REUTERS / Vladimir PirogovВведение чрезвычайного положения в Бишкеке
Введение чрезвычайного положения в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент борбор калаага 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Комендант Алмаз Орозалиевдин буйругуна ылайык, борбор калаада саат 21.00дө коменданттык саат башталат.

Шаар тургундарына таңкы саат 5.00гө чейин көчөгө чыгууга чектөө киргизилет.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда борбор калаага 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алкагында комендатура түзүлүп, жетекчиси болуп ИИМ башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалган.

Бишкек комендатурасынын сall-борбору иштей баштады. Номери

Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин жарлыгын карай элек. Мыйзам боюнча парламент бекитип бербесе, өзгөчө абал режими үч күндөн кийин күчүн жоготот.

Жаңылыктар түрмөгү
0