Өзгөчө аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Бишкекте өзгөчө абал режими токтошу мүмкүн. Жарлыктын мөөнөтү өтүп бара жатат

267
(жаңыланган 10:56 12.10.2020)
Аталган маселе Жогорку Кеңеш депутаттарынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынынын күн тартибине киргизилген. Бирок кийин ал каралбасы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал жарыялоо боюнча президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда кол койгон жарлыктын мөөнөтү соңуна чыгат.

Эске салсак, ЖК депутаты Мыктыбек Абдылдаев (ошол кездеги төрага) парламент үч күндүн ичинде кворум чогултуп, өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитип бербесе, ал автоматтык түрдө күчүн жоготорун айткан

Милиция Бишкекте түн кандай өткөндүгүн айтып берди

Бул бүгүн саат 17.00гө чейин парламент тарабынан жарлык бекитилбесе, ӨА режими токтотулат дегенди түшүндүрөт.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынынын күн тартибине аталган маселе киргизилген. Бирок кийин каралбасы белгилүү болгон.

267
Белгилер:
жарлык, Жогорку Кеңеш, өзгөчө абал, Бишкек
Тема боюнча
Милиция Бишкекте түн кандай өткөндүгүн айтып берди
ИИМ "Ала-Тоо" аянтындагы окуя боюнча дагы эки адамды кармады
Эскертүү! Бүгүн кечинде Бишкекте коменданттык саат иштеп баштайт
Отоларинголог кызмат убагында. Архивдик сүрөт

Бир гана коронавирустан эмес! Жыт сезбей калуунун себептери

1
Дарыгер эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Коронавирус инфекциясын жуктурган учурда гана жыт билбей калат деген түшүнүк туура эмес экенин Sputnik радиосуна отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцев айтып берди.

Адистин билдиришинче, жыт билүүнүн жоголушу бир нече оорудан кабар бериши мүмкүн.

"Мурун көңдөйүнө суук тийгенде, мисалы, курч же өнөкөт ринитте, дем алуу жолунун былжыр чели менен көңдөйү сезгенген учурда жыт сезгичтердин кабыл алуусу алгач төмөндөп, андан кийин таптакыр жоголуп кетет", — деди адис.

Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды

Отоларинголог учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган. Ошондой эле өз алдынча дарылануудан оолак болууну айткан.

1
Белгилер:
оору, мурун, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кулактан дагы кармайт. Коронавирустун жаңы симптому белгилүү болду
Бейтап СOVID же КРВИге чалдыкканын кантип билет. Дарыгердин аныктамасы
Ооруканадагы палата. Архивдик сүрөт

Коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алган ооруканалар. Тизме

12
Учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылганы маалым болду.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Борбор калаада COVID-19га кабылган бейтаптарды 11 стационар кабыл алууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Ага ылайык, учурда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Мындан улам бейтаптарды кабыл алуу үчүн кошумча орундар ачылды.

COVID-19 менен ооругандарды кабыл алып жаткан ооруканалар:

  • Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы;
  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана;
  • Улуттук госпиталь;
  • Улуттук фтизиатрия борбору;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы;
  • Улуттук хирургия борбору;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • Темир жол ооруканасы;
  • №2 клиникалык төрөт үйү.

Кайсы аймакта коронавирустан көп киши каза болду? Статистика

Аталган ооруканаларда жалпысынан 561 орун даярдалган. Бирок кайсы медициналык мекемеде канча бош орун бар экенин министрликтин картасына (map.covid.kg) кирип карап алуу зарыл.

12
Белгилер:
тизме, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Министрлик коронавирусту дарылаган стационарлардын картасын жарыялады
Коронавируста бөйрөк оорусу өлүм коркунучун эки эсеге жогорулатат
Өткөн суткада 482 киши коронавирус жуктуруп, 127 бейтап айыкты