Азайбай жатат. Коронавирустан соңку суткада 5 киши көз жумду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРеанимация бөлүмүндөгү медицина кызматкери. Архив
Реанимация бөлүмүндөгү медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда август айынын аягынан бери өлүм катталбай калган эле, эми кайрадан баш көтөрүүдө. Өткөн жумада эле бул вирус 19 кишинин өмүрүн алып кетти.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын ичинен беш бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Кечээ каза болгондор:

  • Ош шаары – 1 адам;
  • Ош облусу – 3 адам;
  • Талас облусу – 1 адам.

Бир жумада 19 киши көз жумду. Кыргызстандагы соңку статистика

Бүгүнкү маалыматта республика боюнча 298 кишиден COVID чыкканы айтылды.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун саны 1090ду чапчыды.

Саламаттык сактоо министрлиги, дарыгерлер элди коронавирустан сактануу үчүн тиешелүү эрежелерди сактоо зарылдыгын улам айтып эскертүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0