Аял банкоматтан акча алып турат

Учурда кайсы банктардын банкоматтары иштеп жатат. Тизме

867
(жаңыланган 16:15 12.10.2020)
Өткөн аптадагы элдик толкундоолор маалында көпчүлүк финансы ишканалары банкоматтардан каражаттарды чыгарып кетип, жарандар накталай акча ала албай жаткан.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда банкоматтар ишин жанданттыбы? Sputnik агенттигинин кабарчылары ар бир банкка кардар катары байланышып, жооп алды.

Эске салсак, өткөн аптадагы элдик толкундоолор маалында көпчүлүк финансы ишканалары банкоматтардан акчаны чыгарып кетишкен. Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев муну 2005-2010-жылдагы башаламандык учурундагыдай каражаттар тонолуп кетпесин деген максатта жасалды деп түшүндүргөн.

Бүгүндөн тарта банктар ишин акырындык менен жандантып, көпчүлүгүнүн банкоматтары кайрадан иштей баштады.

  • FINCA банкы — бардык банкоматтары иштеп жатат;
  • “Бай-Түшүм” банкы — бардык банкоматтары иштеп жатат;
  • “РСК Банкы” — түштөн кийин бардыгы иштей баштайт;
  • “Кыргызстан” банкы — банкоматтардын айрымдары ишке кирди, калгандарына инкассатордук кызмат каражат толтуруп жатат;
  • KICB банкы — көпчүлүк банкоматтар иштей элек, качан иштээри белгисиз;
  • “Компаньон” банкы — бардык банкоматтары иштеп жатат;
  • “Кыргызкоммерцбанк” — башкы кеңседеги банкомат гана иштеп жатат, жакында бардыгы ишке киришет;
  • “Керемет Банк” — айрым банкоматтары иштеп жатат;
  • “Оптима Банк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
  • "Кыргыз-Швейцариялык Банк" — банкоматтар иштей элек, качан ишке кирери белгисиз;
  • “Азия Банк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
  • “Айыл Банк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
  • “Аманбанк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
  • “Бакай Банк” — банкоматтардын айрымдары ишке кирди, калгандарына инкассатордук кызмат каражат толтуруп жатат;
  • Пакистан улуттук банкынын Бишкек филиалы — банкоматтар иштей элек;
  • “Демир Кыргыз Эл Аралык Банкы" — көпчүлүк банкоматтар иштеп жатат;
  • “Дос-Кредобанк” — банкоматтар иштей элек;
  • "Евразиялык Сактык Банкы" — жалгыз банкоматы бар, ал иштеп жатат;
  • “Капитал Банк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
  • “Толубай Банк” — бардык банкоматтары иштеп жатат;
  • “ФинансКредитБанк” – бардык банкоматтары иштеп жатат;
  • “Халык Банк Кыргызстан” — түштөн кийин бардыгы иштей баштайт;
  • “ЭкоИсламикБанк” — бардык банкоматтары иштеп жатат.
867
Белгилер:
банк, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Банктык картанын номерин билген киши акча уурдай алабы? Жооп
Кыргызстанда банктык карталар менен кантип акча табууга болот? Жол-жобосу
Ооруканадагы койкалар. Архив

Бишкекте COVID жуктургандар кайсы ооруканага бара алат? Тизме

21
(жаңыланган 11:05 29.10.2020)
Кечээги күнгө салыштырмалуу ооруканалардагы орундар азайып баратат. Кээ бир стационарларда бейтаптар толуп калгандыктан, жата турган жер жок.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 66 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат 28-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 8;
  • Улуттук хирургия борбору — 6;
  • Улуттук госпиталь — 0;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 0;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактоого болот.

21
Белгилер:
бейтап, стационар, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

58
(жаңыланган 10:25 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

58
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат
Табличка у здания судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики в городе Бишкек

Парламенттик шайлоо: Жогорку сот БШКнын даттануусун карабай койду

0
Бишкек шаардык административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарып салгандан кийин комиссия Жогорку сотко кайрылган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоонун кайра өткөрүлүшүн жокко чыгаруу боюнча даттануусун караган жок. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине макул эместигин билдирген БШКнын кассациялык арызы 28-октябрда түшкөн. Бүгүн Жогорку сот мамлекеттик пошлина (товардан алынуучу салык) төлөнгөнү туурасында далилдер жок болгондуктан доо арызды кайра кайтарган. Азырынча БШКнын юристтери кайрадан датанаар-даттанбасы тууралуу маалымат жок.

Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири

https://sputnik.kg/politics/20201026/1050209244/parlmenttik-shajloo-zhyldyruu-kyrgyz-bijligi-yurist.html

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген. Анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алды. https://sputnik.kg/politics/20201022/1050162844/parlament-shayloolordun-moonotun-zhyldyrdy.html Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.

Андан соң Бишкек шаардык административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарып салган. Судья комиссия парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарбай туруп кайра өткөрүүнү дайындаган деген жүйө келтирген. Бирок БШКнын юристтери ал чечимге макул болбой https://sputnik.kg/politics/20201026/1050203006/bshk-parlamenttik-shayloo-sot-chechimi.html Жогорку сотко кайрылышкан.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясына 48 саясий партия https://sputnik.kg/politics/20201025/1050192113/bshk-parlamenttik-shajloo-48-partiya-bildiruu.html шайлоого катышуу ниетин билдирди.

Рубрика: Коом

Инжект: https://sputnik.kg/politics/20201023/1050170308/sadyr-zhaparov-shajloolor-mart-butot.html

https://sputnik.kg/politics/20201028/1050232266/kyrgyzstanda-besh-partiya-birigip-bijlikke-talap-kojdu.html

https://sputnik.kg/politics/20201026/1050209579/prezidenttik-shayloo-chygym.html

Теги: БШК шайлоо өткөрүү сот чечим

0