Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровКырчын жайлоосу. Архив
Кырчын жайлоосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жамгыр жаабайт.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү, 13-октябрда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден Ысык-Көлдө 4-9 метрге жетет.

Жаан-чачын аз болот. Бир жумага аба ырайы

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14...+19, Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +10...+15 градуска жетет.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +16...+18 жана Ошто +18...+20 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0