Жылуулук түтүгү жана акча. Архивдик сүрөт

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына карыз болгондордун тизмеси чыкты

188
(жаңыланган 16:27 12.10.2020)
Мекеме 600 турак жайды, 12 саламаттык сактоо уюмун, 40 мектепти, 14 бала бакчаны, сегиз ЖОЖду жана 200дөн ашык башка объектилерди тейлейт.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы жылуулук үчүн карызы көп объектилердин тизмесин жарыялады.

"Шаар тиричилигин жөнгө салып турган бардык мекемелер штаттык режимде иштеп жатат. 9-октябрь күнү жылуулук берилди. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жылуулук үчүн карыз 4 миллион 207 миң сомду түзөт. Абоненттер акчасын канчалык өз маалында төлөсө, жылуулук менен ысык суу берүүгө ошончолук жакшы шарттар түзүлөт", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Карыз болгондордун тизмеси:

  • "Жал-29", №22, №22/1, №22/2 үйлөр – "Маккена" компаниясы — 1 миллион 721 миң сом;
  • Тыналиев көчөсү, №3/5, №3/6 үйлөр – "Шерой" компаниясы — 324 миң сом;
  • Тыналиев көчөсү, №2/21 (А,Б,В,Г) үй – "Имарат–Прогресс" компаниясы — 244 миң сом;
  • Термечиков көчөсү, №10/1 үй – "Кыргыз-Каганат" компаниясы — 92 миң сом;
  • Лев Толстой көчөсү, №126 үй – "Оргтехстрой" компаниясы — 1 миллион 610 миң сом;
  • Панфилов көчөсү, №16 үй — 215 миң сом.

Бишкек мэриясы өз калыбында иштөөдө. Шаар кызматтарынын жумушу сүрөттө

Мэриядан билдиришкендей, муниципалитетке тиешелүү "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы 600 турак жайды, 12 саламаттык сактоо уюмун, 40 мектепти, 14 бала бакчаны, сегиз ЖОЖду жана 200дөн ашык башка объектилерди тейлейт.

188
Белгилер:
карыз, мэрия, акы, жылуулук, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандын тышкы карызы тездик менен өсүүдө. Инфографика
"Түндүк электр" карызы бар 2 700 ишкананын жарыгын өчүрүүгө камынууда
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

21
(жаңыланган 10:25 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

21
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат
COVID-19 кабылып оор абалда жаткан бейтапка медиктин жардам берүүсү. Архивдик сүрөт

COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат

20
(жаңыланган 10:27 29.10.2020)
Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан бир адам каза таап, 522 киши инфекцияга чалдыккан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстанда ооруканаларда коронавирусту жуктурган 3 444 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 93 кишинин абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Дарыланып жаткан ноокастарды карай келгенде, абал төмөнкүдөй:

  • 77 адам — канааттандырарлык абалда;
  • 2396 бейтап — орточо оор;
  • 878 бейтап — оор абалда;
  • 93 бейтап — өтө оор абалда.

Ал эми COVID жуктуруп алып үйдөн дарыланып жаткандар 3 580 адам экени айтылды.

Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан бир адам каза таап, 522 киши инфекцияга чалдыккан.

20
Белгилер:
өлүм, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото
Жол кырсыктан жаракат алган дарак. Архив

Ысык-Көл ЖКККББнын жетекчи орун басарынын аялы менен кызы жол кырсыктан көз жумду

28
(жаңыланган 10:35 29.10.2020)
Каргаша кечээ Чок-Тал айылында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынын айынан аял кызы менен көз жумуп, дагы эки баласы ооруканага жеткирилди. Маалыматты облустук милиция тастыктады.

Ага ылайык, каргаша 28-октябрь күнү Чок-Тал айылында, Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 54-чакырымында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынын айынан өзү жана анын 11 жаштагы кызы каза тапкан. Ал эми машинадагы 7 жана 5 жаштагы кыздар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу

Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын электрондук журналына каттоого алынып, тиешелүү кароолор жүрүп жатат.

Маалым болгондой, жол кырсыгында Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын жубайы менен кызы көз жумду. Аялы балдары менен Балыкчыдан Караколго бара жаткан.

28
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, унаа, кыз, аял, Каракол, Ысык-Көл
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды