Сарамжалдуу болуңуз. Өлкөдө электр энергиясы чегинен ашып колдонулууда

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЭлектрощиток. Архив
Электрощиток. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиясынын сарпталышы былтыркыга салыштырмалуу кескин жогорулап кетти. Ишкана кыргызстандыктарды үнөмдүү болууга чакырып жатат.

БИШКЕК, 13-окт. – Sputnik. Республикада электр энергиясын колдонуу кескин жогорулады. Бул тууралуу "Кыргыз энергетикалык эсеп борбору" (КЭЭБ) ишканасынан билдиришти.

Өкмөттүн 30-апрелдеги токтомуна ылайык, аймактык энергетикалык компанияларга күз-кыш мезгили үчүн электр энергиясын колдонуу лимиттери бекитилген. Бирок КЭЭБдин анализи 5-октябрдан тарта электр энергиясын колдонуу кескин жогорулап, чектен ашып кеткенин көрсөткөн.

2020-жылдын 11-октябрында бир сутка ичинде 34,546 миллион киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылган. 2019-жылы ушул эле убакыт аралыгында 24,365 миллион киловатт-саат сарпталган. Мында 10,181 миллион киловатт-саат айырма чыгып жатат.

"Мындай өсүштүн айынан Токтогул суу сактагычынан кошумча суу кое берүүгө туура келет. Бул дарыялардан агып кирген суунун көлөмү аз болуп турган кезде жакшы көрүнүш эмес. Мындай кырдаалдан чыгуунун бирден-бир майнаптуу жолу — республикадагы колдонуучулардын бардыгы электр энергиясын үнөмдөп сарпташы керек", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы аймактык энергетикалык компаниялардын лимитти аткарышы боюнча маалыматтарын сайттан окусаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0