Бишкекте COVID жуктурган бейтаптарды кабыл алчу ооруканалар тизмектелди

Жазылуу
Билдирмеге ылайык, кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында COVID-19 илдетинин оор формасы менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн 70 орун камдалган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Республикалык штаб коронавирус аныкталган бейтаптарды кайсы ооруканалар кабыл алып жатканын айтып, канча орун даярдалганы боюнча маалымат берди.

Билдирмеге ылайык, кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында COVID-19 илдетинин оор формасы менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн 70 орун камдалган.

Мындан сырткары, №1 шаардык клиникалык ооруканасында 92 орун, Улуттук фтизиатрия борборунда 38 орун, Улуттук госпиталда 80 орун даярдалган.

Штаб Бишкекте дагы 2 477 орун даярдоо пландалып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0