Бир сутка ичинде 330 кишиден коронавирус табылды

© AP Photo / Channi AnandКоронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери
Коронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 50 201ге жетти. Анын ичинен 44 884 бейтап дартты жеңсе, 1094 киши оорудан жакшы болбой көз жумду.

БИШКЕК,14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 330 кишиден коронавирус табылып, 172 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 68;
  • Ош – 36;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 74;
  • Талас облусу – 9;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 70;
  • Баткен облусу – 43.

Коронавирус дагы эки кишинин өмүрүн алды 

 Айыккандар:

  • Бишкек – 14;
  • Ош шаары – 10;
  • Чүй облусу – 17;
  • Ош облусу – 39;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 47;
  • Баткен облусу – 35.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 50 201ге жетти. Анын ичинен 44 884 бейтап дартты жеңсе, 1 094 киши оорудан жакшы болбой көз жумду.

Азыркы тапта 1 960 бейтап стационарларда, ал эми 1 801 киши амбулатордук шартта дарыланып жатат.

Бишкекте COVID жуктурган бейтаптарды кабыл алчу ооруканалар тизмектелди

Бир сутка ичинде жети медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Алар:

  • Баткен облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 3;
  • Ысык-Көл облусунда – 1.

Ошол эле учурда тогуз медицина кызматкери коронавирустан айыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0