Жаш саясатчы Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСоциал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков. Архив
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темирлан Султанбеков Социал-демократтар партиясынын атынан депутаттыкка талапкер болуп шайлоого катышкан.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жаш саясатчы Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин шаардык соту кабарлап, жактоочусу Чынара Жакупбекова да Facebook баракчасына жазды.

Эске салсак, Темирлан Султанбеков жана Алмазбек Атамбаевдин башка тарапташтары кармалып, №1 тергөө абагына киргизилген.

10-октябрда ал соттун чечими менен абакка отургузулган. Атамбаевдин тарапташтары массалык башаламандык уюштурган деп күнөөлөнүүдө.

Белгилей кетсек, Темирлан Султанбеков Социал-демократтар партиясынын атынан депутаттыкка талапкер болуп шайлоого катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0