Жапаров паспортко "улуту" деген графа кайра киргизилерин айтты

Жазылуу
Кыргызстанда 2017-жылкы үлгүдөгү паспортто жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашоо дареги тууралуу маалымат алып салынган. Бирок ал электрондук форматка өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар жакында паспортуна (ID-карта) "улуту" деген графаны коштурса болот. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы маалымат жыйында айтты.

"Биздин "Мекенчил" партиясынын шайлоо программасында паспортко мурда алып салынган "улуту" деген графаны киргизүү маселеси бар болчу. Алгачкы иш күндөрүмдө эле бул маселени чечтик. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынан техникалык жактан бул маселени чечүүгө 60-90 күн кетерин айтышты. Бул убакыт өткөн соң паспорт алчулар мурдагыдай улутун жаздырып алса болот. Бирок эч ким мажбурлабайт, каалоочулар гана жаздырат", — деди Жапаров.

Эске салсак, Кыргызстанда 2017-жылкы үлгүдөгү паспортто жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашоо дареги электрондук форматка өткөрүлгөн. Паспортту чип аркылуу окуганда бардык маалымат толугу менен чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0