Колл-центрдин ишкерлери. Архив

“118” кызматы ачылганга чейин кайда кайрылса болот. Номерлер

59
Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 50 миңден ашты. Акыркы күндөрү вирус жуктургандардын саны көбөйүп, күн сайын өлүмдөр катталып жатат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Республикалык штаб кабарлагандай, Саламаттык сактоо министрлиги жакында “118” ыкчам номеринин ишин кайра жандантат, ага чейин бишкектиктер Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан (ҮБМБ) кеңеш алса болот.

Стационарга жаткыруу боюнча суроолор менен министрликтин 0312 323 000, 0770 89 55 56 (WhatsApp) номерлерине байланышуу керек.

Ишеним телефондору:

  • Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы: 0312 31-87-67;

Ленин районунун БҮМБ — 0990 888030;

  • №2 ҮМБ — 0990 888028;
  • №11 ҮМБ — 0990 888029;
  • №12 ҮМБ — 0990 888031;
  • №13 ҮМБ — 0990 888032;
  • №17 ҮМБ — 0990 888033;

Октябрь районунун БҮМБ — 0990 888036;

  • №15 ҮМБ — 0990 888015;
  • №18 ҮМБ — 0990 888035;
  • №19 ҮМБ — 0990 888019;

Биринчи май районунун БҮМБ — 0990888071;

  • №7 ҮМБ — 0990 888072;
  • №14 ҮМБ — 0990 888073;
  • №16 ҮМБ — 0990 888074;

Свердлов районунун БҮМБ — 0701 103002;

  • №4 ҮМБ — 0701 103001;
  • №8 ҮМБ — 0701 103003;
  • №9 ҮМБ — 0701 103004;
  • №10 ҮМБ — 0701 103007.

Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 50 миңден ашты. Акыркы күндөрү вирус жуктургандардын саны көбөйүп, күн сайын өлүмдөр катталып жатат.

59
Белгилер:
байланыш, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2339)
Тема боюнча
ДССУ: дүйнөдө коронавирустун экинчи толкуну жок
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

20
(жаңыланган 10:25 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

20
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2339)
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат
COVID-19 кабылып оор абалда жаткан бейтапка медиктин жардам берүүсү. Архивдик сүрөт

COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат

19
(жаңыланган 10:27 29.10.2020)
Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан бир адам каза таап, 522 киши инфекцияга чалдыккан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстанда ооруканаларда коронавирусту жуктурган 3 444 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 93 кишинин абалы оор бойдон калууда. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Дарыланып жаткан ноокастарды карай келгенде, абал төмөнкүдөй:

  • 77 адам — канааттандырарлык абалда;
  • 2396 бейтап — орточо оор;
  • 878 бейтап — оор абалда;
  • 93 бейтап — өтө оор абалда.

Ал эми COVID жуктуруп алып үйдөн дарыланып жаткандар 3 580 адам экени айтылды.

Кыргызстан боюнча акыркы суткада коронавирустан бир адам каза таап, 522 киши инфекцияга чалдыккан.

19
Белгилер:
өлүм, оору, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото
Жол кырсыктан жаракат алган дарак. Архив

Ысык-Көл ЖКККББнын жетекчи орун басарынын аялы менен кызы жол кырсыктан көз жумду

26
(жаңыланган 10:35 29.10.2020)
Каргаша кечээ Чок-Тал айылында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынын айынан аял кызы менен көз жумуп, дагы эки баласы ооруканага жеткирилди. Маалыматты облустук милиция тастыктады.

Ага ылайык, каргаша 28-октябрь күнү Чок-Тал айылында, Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 54-чакырымында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну BMW X5 үлгүсүндөгү унааны башкара албай четке чыгып кетип, бакты сүзгөн.

Жол кырсыгынын айынан өзү жана анын 11 жаштагы кызы каза тапкан. Ал эми машинадагы 7 жана 5 жаштагы кыздар Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу

Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын электрондук журналына каттоого алынып, тиешелүү кароолор жүрүп жатат.

Маалым болгондой, жол кырсыгында Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын жубайы менен кызы көз жумду. Аялы балдары менен Балыкчыдан Караколго бара жаткан.

26
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, унаа, кыз, аял, Каракол, Ысык-Көл
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды