ШИИБ: Бишкекте түндө коомдук тартипти бузгандар катталган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековТүнкүсүн Бишкекте элдик кошуун
Түнкүсүн Бишкекте элдик кошуун  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек милициясы Куралдуу күчтөрдүн аскерлери, элдик кошуундар менен күнү-түнү шаардыктардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылууда.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Борбор калаада түндө коомдук тартипти бузган фактылар катталган жок, абал тынч. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, коменданттык саат аяктагандан кийин шаарга кирип-чыгуу ачылып, коомдук транспорттор тынымсыз жүрүп жатат.

"Талап-тоноо, мародерчулук фактылары, коомдук тартипти бузган учурлар катталган жок", — деп айтылат маалыматта.

Өлкө коопсуздугуна өкмөт жоопкер болот. Президенттик аппараттын билдирүүсү

Бишкек милициясы Куралдуу күчтөрдүн аскерлери, элдик кошуундар менен күнү-түнү шаардыктардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылууда.

Эскерте кетсек, борбор калаада өзгөчө абал режими жарыяланып, кечки саат 22:00дө коменданттык саат башталып таңкы 05:00дө бүтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0