Коронавирус: Ысык-Көлдө жаңы госпиталь пайдаланууга берилди

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Ысык-Көл облусунда жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди
Ысык-Көл облусунда жаңы жугуштуу оорукана пайдаланууга берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда соңку сутка ичинде 388 кишиден коронавирус аныкталды. Көрсөткүч акыркы жумаларда улам өсүп жатат.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында жугуштуу илдеттер боюнча 35 орундуу жаңы госпиталь пайдаланууга берилди, анын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19В Иссык-Кульской областной объединенной больнице сдали в эксплуатацию новый инфекционный госпиталь на 35 коек, 25 из которых будут палатами интенсивной терапии.
Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында жугуштуу илдеттер боюнча 35 орундуу жаңы госпиталь пайдаланууга берилди, анын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында жугуштуу илдеттер боюнча 35 орундуу жаңы госпиталь пайдаланууга берилди, анын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19В Иссык-Кульской областной объединенной больнице сдали в эксплуатацию новый инфекционный госпиталь на 35 коек, 25 из которых будут палатами интенсивной терапии.
Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдү оңдоп-түзөө иштери толук бүткөн - Sputnik Кыргызстан
2/4
Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдү оңдоп-түзөө иштери толук бүткөн
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19В Иссык-Кульской областной объединенной больнице сдали в эксплуатацию новый инфекционный госпиталь на 35 коек, 25 из которых будут палатами интенсивной терапии.
Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн - Sputnik Кыргызстан
3/4
Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19В Иссык-Кульской областной объединенной больнице сдали в эксплуатацию новый инфекционный госпиталь на 35 коек, 25 из которых будут палатами интенсивной терапии.
Директор өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда экендигин айтты - Sputnik Кыргызстан
4/4
Директор өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда экендигин айтты
1/4
Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасында жугуштуу илдеттер боюнча 35 орундуу жаңы госпиталь пайдаланууга берилди, анын 25и интенсивдүү терапия палаталары болуп саналат
2/4
Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдү оңдоп-түзөө иштери толук бүткөн
3/4
Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн
4/4
Директор өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда экендигин айтты

Облустук оорукананын директору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, бөлүмдү оңдоп-түзөө иштери толук бүткөн.

"Азыркы убакта облустук бириктирилген ооруканада коронавирус инфекциясы менен ооруган жана этиологиясы такталбаган илдетке чалдыккан бейтаптарды кабыл алуу үчүн 90 керебет бар. Жаңы жугуштуу госпиталда дагы кошумча 35 орундук болот", — деди Сагынбаев.

Өткөн суткада коронавирус беш кишинин өмүрүн алды

Бүгүнкү күндө суюк кычкылтектин борборлоштурулган жабдуусун орнотуп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бардык керектүү жабдыктар келип түшкөн. Директор өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттары, керебет мониторлору, көп функционалдуу керебеттер, кычкылтек концентраторлору жетиштүү санда экендигин айтты.

"Даярдык иштери толук жүрүп, түнкүсүн да иштеп, жакынкы күндөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн госпиталда бейтаптарды кабыл алууну баштайбыз", — деди директор Сагынбаев.

Кыргызстанда соңку сутка ичинде 388 кишиден коронавирус аныкталды. Көрсөткүч акыркы жумаларда улам өсүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0