Жогорку Кеңештин имараты

Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео

(жаңыланган 19:48 15.10.2020)
6-октябрга караган түнү аянттагы митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин имаратта өрт чыккан болчу.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Ак үйдүн жетинчи кабатынын башаламандыктан кийинки көрүнүшүн Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурунку жетекчиси Ибраим Нуракун уулу көрсөттү.

6-октябрга караган түнү "Ала-Тоо" аянтына чыккан митингчилер Ак үйдү басып алган. Көп өтпөй имаратта өрт чыккан.

Видео Нуракун уулунун Facebook баракчасына жарыяланды.

"Бул бизге сабак болушу керек. Кийинки лидерлер бул тууралуу унутпашы зарыл", — деп жазган Нуракун уулу.

Эскерте кетсек, 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккан. Натыйжада милиция кызматкерлери менен кагылышуу болуп бир адам каза таап, миңдей киши жаракат алган.

Белгилер:
нааразычылык акциясы, митинг, Ак үй, Ибраим Нуракун уулу
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (470)
Тема боюнча
Президент Жээнбековдун отставкасын талап кылган митинг. Видео
Резиденцияга жакын жерде турган митингчилер Өкмөт үйүн көздөй бет алды. Видео
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

Абанын температурасы жогорулаганына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.

Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кайра суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Абхазиянын номери тагылган унаа. Архив

Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн

(жаңыланган 20:04 13.04.2021)
Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү ЕАЭБдин бажы нормалары боюнча мыйзамдарын бузууга жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Абхазиянын номери тагылган унаалар бажы көзөмөл аймагындагы убактылуу сактоочу кампага киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинен кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстандын аймагына Абхазиянын номери тагылган унааларды алып кирүү жана эксплуатацияга берүү мыйзам бузууга жатат.

"Чет элдик жарандар ЕАЭБдин аймагына үчүнчү өлкөлөрдүн жеке колдонуусу үчүн унаасын ала келсе болот. Бирок андай машинаны КРдин аймагында колдонууга бир жыл гана убакыт берилет", — дешти министрликтен.

Киргизилген унааларды ЕАЭБдин аймагында үчүнчү тараптарга сатууга жол берилбейт. Декларант анын атына жазылган унааны өзү гана айдашы керек.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын аймагынан бажычылар Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Абхазиянын номерлерин тагып жүргөн 10 автоунааны кармаган.

Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, мыйзам бузуулар, унаа, Абхазия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
ЕАЭБ аймагында өзү өччү чылым пайдалануу сунушталып жатат