Милиция: Бишкекте өткөн түнү тартип бузуу катталган жок

Жазылуу
Таңкы саат беште коменданттык саат аяктаары менен коомдук транспорт ишин жандантып, учурда шаар адаттагыдай тиричилигин улантууда.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өткөн түнү Бишкекте тынч болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Калаада коомдук тартип бузулган фактылар жана мародерлук катталган жок.

"Милиция кызматкерлери, Куралдуу күчтөрдүн аскерлери, элдик кошуун шаардыктардын коопсуздугун камсыздоону улантууда. Мамлекеттик же жеке менчик мүлккө кол салуу, талап-тоноо фактысы катталган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Таңкы саат беште коменданттык саат аяктаары менен коомдук транспорт ишин жандантып, учурда шаар тиричилигин адаттагыдай улантып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0