Дарыгерлер

Бир суткада 431 кишиден коронавирус табылды

75
(жаңыланган 11:18 16.10.2020)
Ушуну менен коронавирус жуктурган адамдардын саны 51 020га жетти. Анын ичинен 45 288 бейтап айыгып чыккан.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 431 кишиден коронавирус табылып, 203 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 70;
  • Ош – 44;
  • Чүй облусу – 34;
  • Ош облусу – 147;
  • Талас облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 65;
  • Баткен облусу – 52.

Айыккандар:

  • Бишкек – 32;
  • Ош шаары – 14;
  • Чүй облусу – 20;
  • Ош облусу – 45;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 58;
  • Баткен облусу – 32.

Ушуну менен коронавирус жуктурган адамдардын саны 51 020га жетти. Анын ичинен 45 288 бейтап айыгып чыккан.

Азыркы тапта 2 202 бейтап стационарларда, 1 951 киши амбулатордук шартта дарыланып жатышат.

Исмаилова: COVID-19га каршы үч айга жете тургандай дары даярдалууда

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Ош шаарында – 4;
  • Ош облусунда – 5;
  • Баткен облусунда – 6;
  • Жалал-Абад облусунда – 4.

Ошол эле учурда 15 медиктин коронавирустан айыгып чыкканы айтылды.

75
Белгилер:
оору, коронавирус, статистика, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1377)
Митинг у здания Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов в Бишкеке с требованием, чтобы повторные парламентские выборы состоялись в объявленный ЦИКом срок

Шайлоо убагында өтсүн! БШКнын алдында дагы бир митинг болду. Сүрөт

5
(жаңыланган 13:33 26.10.2020)
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына болжол менен 50дөй адам чогулган. Алар парламенттик шайлоонун өз мөөнөтүндө өтүшүн талап кылышкан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында дагы бир митинг өттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

  • Митинг у здания Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов в Бишкеке с требованием, чтобы повторные парламентские выборы состоялись в объявленный ЦИКом срок
    Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында дагы бир митинг өттү
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Митинг у здания Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов в Бишкеке с требованием, чтобы повторные парламентские выборы состоялись в объявленный ЦИКом срок
    Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына болжол менен 50дөй адам чогулган. Алар парламенттик шайлоонун өз мөөнөтүндө өтүшүн талап кылышкан
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 2
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында дагы бир митинг өттү

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына болжол менен 50дөй адам чогулган. Алар парламенттик шайлоонун өз мөөнөтүндө өтүшүн талап кылышкан. Митингге келгендердин көбү шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын өкүлдөрү экени маалым болду.

Эске салсак, парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү боюнча БШКнын чечими чыккан. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары 22-октябрда шайлоонун күнүн жылдыруу боюнча мыйзам кабыл алышкан.

Ошондой эле Биринчи май райондук соту 24-декабрда БШКнын шайлоону 20-декабрда өткөрө турган токтомун жокко чыгарган.

БШК соттун чечимине каршы даттана турганы маалым болду.

Президент болом дегендер документтерин БШКга качан тапшырары такталды

Эске салсак, калаада дагы бир митинг өтүүдө. Анда мэриянын алдына эл чогулуп, шаар башчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат.

5
Белгилер:
нааразычылык акциясы, чечим, шайлоо, Митинг, БШК
Бишкек мэриясынын алдындагы митинг

Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг. Сүрөт, видео

37
(жаңыланган 13:31 26.10.2020)
Нааразы болгондор жаңы мэр дайындалмайынча күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар башчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат.

  • Митингующие у здания мэрии Бишкека, где требуют отставки и.о. мэра Наримана Тюлеева.
    Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Митингующие у здания мэрии Бишкека, где требуют отставки и.о. мэра Наримана Тюлеева.
    Нааразы болгондор жаңы мэр дайындаламайын, күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 2
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг болуп, шаар бышчылыгына жаңы жетекчини дайындоону президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон талап кылып жатышат
"Бул кишилер 30 жыл ичинде натыйжалуу башкара албагандыгын көрсөткөн, эми кайрадан бийликке келип жатышат. Эски саясатчылардын кайрадан кызматка келүүгө моралдык укугу жок", — деген митингдин катышуучусунун бири.

Алардын бир бөлүгү тарай баштады.

Нааразы болгондор жаңы мэр дайындалмайынча күнүгө саат 12:00дө митингге чыга тургандыктарын айтышты.

Эске салсак, Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү тууралуу жазган арызын кайтарып алып, кызматка кайтып келген.

21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен. Эртеси Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

37
Белгилер:
митинг, Бишкек мэриясы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди