Индира Куралбекова парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси болду

© Sputnik / Асель АкматалиеваЖогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган Индира Куралбекова. Архив
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган Индира Куралбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки жетекчи Ибраим Нуракун уулу 14-октябрда өз ыктыяры менен арыз жазып кызматын тапшырган.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Индира Куралбекова дайындалды. Аталган кабарды Sputnik Кыргызстанга өзү тастыктады.

Тиешелүү буйрукка ЖКнын төрагасы Канат Исаев бүгүн кол койгон.

Парламенттин маалымат кызматынын буга чейинки жетекчиси Ибраим Нуракун уулу 14-октябрда өз ыктыяры менен арыз жазып кызматын тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0