COVID: Бишкекте беш ооруканада 138 бош орун бар. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги оорукананын биринде медициналык кызматкер бейтап менен. Архив
Бишкектеги оорукананын биринде медициналык кызматкер бейтап менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктуруп алгандардын саны кайра өсө баштады. Өткөн суткада 431 адамдан вирус табылып, төрт адам көз жумду.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн азыркы тапта 138 бош орун бар экенин билдирди.

Маалымат 16-октябрь саат 12:00гө карата берилген.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 4;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 12;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 73;
  • Темир жол ооруканасы — 47.

"118" кызматы ачылганга чейин кайда кайрылса болот. Номерлер

Белгилей кетсек, коронавирус жуктуруп алгандардын саны кайра өсө баштады. Өткөн суткада 431 адамдан вирус табылып, төрт адам көз жумду. Жалпысынан алганда коронавирус жуктурган учурлардын саны 51 020га жетти. Анын ичинен 45 288 бейтап айыгып, оору 1 103 кишинин өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0