Премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

"Биринчи айым болуу баарына буюрбайт". Садыр Жапаровдун жубайы тууралуу 7 факты

77741
(жаңыланган 09:53 19.10.2020)
Өлкө башындагы адамдардын түгөйлөрү элге ар дайым кызык. Анткени алардын ийгилиги кандайдыр бир деңгээлде дал ошол адамдардан көз каранды.

Бүгүн кыргызстандыктар президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун жубайы тууралуу билгиси келгени айтпаса дагы белгилүү.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан Жапаровдун өмүрлүк жары Айгүл Асанбаева тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.

Маалыматтар анын буга чейинки жергиликтүү ЖМКларга берген маектеринен жана ачык булактардан алынды.

Туулган жери

Айгүл Асанбаева 47 жашта. Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Билими жана кесиби боюнча ачык маалымат жок.

Жолдошу менен кантип таанышкан

Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Асанбаева коңшу айылдардан болгондуктан, достор менен жаратылышка эс алып чыккан күндөрдүн биринде таанышкан. Асанбаеванын эскерүүсүндө, ал кезде өзү 18, Жапаров 23 жашта эле. Экөө үч жылдай кыз-жигит болуп жүрүп баш кошкон.

Суу алып жатканда көргөн... Борбор Азиянын ажолору сүйүүсүн кантип тапкан

Тун уулунан айрылып калган

Жубайлардын айрым булактарда беш, айрымдарында төрт баласы бар экени айтылат. Бирок Айгүл айым маектеринин биринде беш баласы бар экенин, алардын бири жол кырсыгынан келинчеги менен чогуу каза тапкан кайнисинин уулу экенин айтып берген. Балдардын аттары: Дастан, Рустам, Ринат, Нурдөөлөт жана кызы Жанайым.

Тилекке каршы, тун уулу Дастан былтыркы жылдын август айында жол кырсыгынан каза болгон. Ал 22-август күнү 7-Апрель көчөсүндө мотоцикл менен баратып кырсыктаган. Ооруканада бир нече күн өлүм менен алышып, 26-август күнү көз жумган. 

Сторонники экс-депутата Садыра Жапарова на митинге у здания Жогорку Кенеша
© Фото / Алимджан Валиев
Садыр Жапаров жазасын өтөп отурган кезде Асанбаева маалымат каражаттары аркылуу өз оюн дайым ачык айтып, маек берип келген. Жолдошун колдоп нааразычылык акцияларына дагы чыккан

Бир келиндүү болгон

Кийин экинчи уулу үйлөнүп, ата-энесин келиндүү кылган.

Үч жыл чет өлкөдө жүргөн

ЖМКларга берген маектерине караганда, "жолдошу саясий куугунтукта жүргөндө үч жыл бою балдары менен чет өлкөдө жашаган". Ал кезде Польша жана Россия мамлекеттеринде болгонун айткан.

"Биринчи айым болуу баарына буюра бербейт"

Айгүл Асанбаева ЖМКлардын бирине берген маегинде атасын (Садыр Жапаров — ред.) тосуп алуу үчүн барганда күч органдарына кармалган уулун бошотууга жардам сурап, ошол кездеги канайым Раиса Атамбаевага кайрылганын айткан.

"Тааныштар аркылуу чыгып, 20 жаштагы уулум үчүн сурангам. Бирок ал "мен мындай иштерге кийлигишпейм" деп жооп берген. Мен баарын бошотуп жибериш керек деп айтпайм, болгону уулум кылмыш кылган эмес, атасын гана күтүп чыккан эле. Биринчи айым болуш баарына эле буюра бербейт, Кудайдын белеги да. Айкөлдүк, марттык болуш керек деп ойлойм", — деген Асанбаева маегинде.

Президенттердин күйөө балдары. Борбор Азия ажолорунун кыздары кимге бүлө

Жолдошун активдүү колдоп келген

Садыр Жапаров жазасын өтөп отурган кезде Асанбаева маалымат каражаттары аркылуу өз оюн дайым ачык айтып, маек берип келген. Жолдошун колдоп нааразычылык акцияларына дагы чыккан.

77741
Белгилер:
факты, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Айгүл Токоева менен Зироатхон Хошимованын артынан келгендер. КМШнын жаңы канайымдары
Кайнатанын батасын алган келин. Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоева жөнүндө 8 факты
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

69
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

69
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

160
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

160
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео
Россия президенти Владимир Путин

Владимир Путин алгачкы жолу Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

241
(жаңыланган 00:27 23.10.2020)
Россия лидери постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтты.

"Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл”, — деди Путин.

Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам

Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн көп нерсе кылганын, кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

“Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Россия лидери.

Ошондой эле ал мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн элдери менен көптөгөн жылдар бою бир мамлекеттин алкагында жашагандыктан, ар тараптан жакындыктар бар экенин кошумчалады.

241
Белгилер:
пикир, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады