Адам алдан тайып, бат чарчайт. Өпкө рагынын алгачкы белгилери

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер өпкөнүн рентген сүрөтү менен. Архив
Медициналык кызматкер өпкөнүн рентген сүрөтү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер өпкөнүн рак оорусун көп учурда пневмония же өнөкөт бронхит менен алмаштырып алышарын белгилеген.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Өпкө рагына кабылган адамдын алгач дене табы көтөрүлүп, аны түшүрүүгө бир дагы дары-дармек жардам бербей калат. Бул тууралуу Россиянын онкология боюнча илим-изилдөө борборунун дарыгери Евгений Левченко билдиргенин РИА Новости жазды. 

Адистин айтымында, өпкө рагына кабылган кишинин алы кетип, бат чарчай баштайт. Ошондой эле териси кычышып, шишик басат. Башы көп айланып, кыймыл-аракетинин координациясы бузулган учурда да адам ага маани берип, медиктерге көрүнүшү керек дейт адис.

Левченко өпкөнүн рак оорусун көп учурда пневмония же өнөкөт бронхит менен алмаштырып алышарын белгилеген.

"Бул учурда бейтаптарды антибиотик менен дарылап киришет. Жыйынтыгында залалдуу шишик чоңоюп, рак оорусу өрчүп кетет", — деди онколог.

Жатканда бел ооруйт. Рактын өзгөчө белгиси аталды

Адис өпкө рагынын биринчи белгилери дем алуу органдары менен байланышта эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0