Премьер-министр Садыр Жапаров

Садыр Жапаров билдирүү таратып, жаштарга убада берди

1387
(жаңыланган 00:17 17.10.2020)
Жапаров алдыдагы шайлоолордо жаштар өздөрүнүн позицияларын эркин коргой алууга толук шарттар түзүлөрүн убадалады.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жаштар үчүн тарыхтын жаңы барактары жазылып баштайт. Жаштар өлкөбүздөгү мамлекеттик саясаттын жигердүү жол баштоочуларынан болот. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди.

Бүгүн өкмөттүн маалымат кызматы Жапаровдун элге кайрылуусун жарыялады. Анда жаштарга берген убадасы дагы камтылган.

“Дал ушул силер, жаштар, жашыңарга, улутуңарга карабастан 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында өлкө келечеги үчүн башыңарды сайып бир катарга турдуңар. Биз ушул күндөрү мыйзамсыздык менен күрөшүп курман болгон 19 жаштагы Баткендин баатыр кулунун терең кайгыруу менен эскеребиз. Жакынкы жылдары өлкөбүздүн саясатын аныктай турган силер болосуңар, жаштар. Биз силер менен биргеликте кадр саясатын өзгөртөбүз, өзгөртүп баштадык. Дал ошол үчүн биз парламентке ар түрдүү саясий күчтөрдүн киришине бирдей шарттарды түзөбүз. Жаштар, улуттук жана гендерлик квоталар сөзсүз сакталат”, — деди Жапаров.

Ал жаштар саясий аренада өздөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүү экенин көрсөтө алганын, эми алар иштен да өздөрүн көрсөтөт деп ишенерин белгилеген.

“Алдыдагы шайлоолордо жаштар өздөрүнүн позицияларын эркин коргой алууга толук шарттар түзүлөт”, — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, парламент тарабынан өкмөт башчы болуп дайындалган Садыр Жапаров учурда президенттин дагы милдетин аткарып жатат.

1387
Белгилер:
милдет, президент, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
"Биринчи айым болуу баарына буюрбайт". Садыр Жапаровдун жубайы тууралуу 7 факты
Ооруканадагы койкалар. Архив

Бишкекте COVID жуктургандар кайсы ооруканага бара алат? Тизме

19
(жаңыланган 11:05 29.10.2020)
Кечээги күнгө салыштырмалуу ооруканалардагы орундар азайып баратат. Кээ бир стационарларда бейтаптар толуп калгандыктан, жата турган жер жок.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 66 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат 28-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 8;
  • Улуттук хирургия борбору — 6;
  • Улуттук госпиталь — 0;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 0;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактоого болот.

19
Белгилер:
бейтап, стационар, оорукана, коронавирус, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт
Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

58
(жаңыланган 10:25 29.10.2020)
Бишкек шаарында жана Баткен, Ош облустарында үч медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Ошол эле маалда жети кызматкер ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Фото

Бир суткада дартты 460 бейтап жеңген. Алар:

  • Бишкек – 91;
  • Ош шаары – 37;
  • Чүй облусу – 41;
  • Ош облусу – 82;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 90;
  • Баткен облусу – 67.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.

58
Белгилер:
бейтап, өлүм, статистика, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат
Алматыдагы блокпостто айдоочулардын температурасын текшерүү. Архивдик сүрөт

COVID Казакстанда күчөп, Өзбекстанда мизи кайта баштады. Коңшулардагы абал

29
(жаңыланган 11:24 29.10.2020)
Дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 44 401 826га жетсе, анын ичинен 1 173 292си көз жумду.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанга коңшу мамлекеттерде коронавирус жуктургандардын саны өсүп бара жатат.

Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, мында жуктургандардын саны бүгүн эки эсеге көбөйдү. Тагыраагы, 28-октябрь күнү өлкө боюнча 148 кишиден COVID-19 аныкталса, бүгүн бул көрсөткүч 268ге жетти. Ал эми жалпы ооругандардын саны 111 100дү түздү.

Кайсы өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга кирип-чыга алат? Тизме

Тажикстанда дагы вирустун басаңдачу түрү жок. Акыркы күндөрү бул өлкөдө күндө бирден адам каза болуп, кечээ вирус курмандыктарынын саны 82ге жетти. Өлкө боюнча жалпысынан 10 900 адамдан коронавирус аныкталды.

Ал ортодо Өзбекстандын айрым шаарларында оору эң жогорку чегине жетип, акырындан мизи кайта баштаганы айтылды. Мисалы, Самарканд шаарынын башкы санитардык дарыгери Абдулла Абиев бул жерде оору жугузгандардын саны азайып бара жатканын билдирди. Өзбекстанда коронавирус жугузгандардын саны учурда 66 141 киши.

Казакстанга кирип-чыгуунун жол-жобосу

Ал эми Кыргызстанда акыркы суткада дагы 522 киши коронавирус жуктуруп, бир адам көз жумду. А Ушуну менен оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Дүйнө жүзүндө вируска кабылгандардын саны 44 401 826ны түзүп, анын ичинен 1 173 292си көз жумду.

29
Белгилер:
статистика, коронавирус, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID: инфекция жуктургандардын ичинен 93 адам өтө оор абалда жатат