Коронавирус дагы беш кишинин өмүрүн алды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медицина кызматкери
Ооруканадагы медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда өлкөдө коронавирустан 1 108 адам өтүп кетти. COVID-19 илдетин жуктуруп алган учурлардын саны 51 490го жетсе, анын 45 509у айыкты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан беш киши көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Каза болгондор:

  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 1;
  • Бишкек – 1.

Жалпысынан алганда коронавирус өлкөдө 1 108 адамдын өмүрүн алды. COVID-19 илдетин жуктуруп алган учурлардын саны 51 490го жетсе, анын 45 509у айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0