Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив

Бишкек: мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Дареги

159
(жаңыланган 12:36 17.10.2020)
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, кычкылтек концентраторлору жетиштүү, эгер зарылчылык жаралса ыкчам түрдө стационарларга жеткирилет.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Мектептердин базаларында ачылган стационарлар коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоого даяр. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтканына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал оор.

Мектептердин базаларында ачылган күндүзгү стационарлар:

Ленин району:

  • Ак-Ордо жаңы конушу, № 96 орто мектеп — 30 орун;
  • Жал кичи району, № 95 орто мектеп — 50 орун.

Биринчи май району:

  • Ак-Босого жаңы конушу, № 81 орто мектеп — 40 орун;
  • Айни-13 көчөсүндө жайгашкан № 69 орто мектеп — 120 орун.

Октябрь району:

  • 6-кичи району, № 39 орто мектеп — 50 орун;
  • 11-кичи району, № 63 орто мектеп — 40 орун.

Свердлов району:

  • Атай Огомбаев көчөсүндө жайгашкан № 4 орто мектеп — 50 орун;
  • Гоголь көчөсүндө жайгашкан № 65 орто мектеп — 60 орун.

Коронавирус дагы беш кишинин өмүрүн алды

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, кычкылтек концентраторлору жетиштүү, эгер зарылчылык жаралса ыкчам түрдө стационарларга жеткирилет.

159
Белгилер:
оору, коронавирус, мектеп, стационар, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2342)
Тема боюнча
Кечээкиден 39 кишиге көп. Бир суткада 470 адамдан коронавирус табылды
Бир суткада 21 медик коронавирус жуктуруп алганы аныкталды
Медициналык факультеттин студенттери. Архив

Пакистандын кара тизмесиндеги медициналык окуу жайлардын ректорлору эмне дейт

89
(жаңыланган 19:40 29.10.2020)
Пакистан Кыргызстандын бардык медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Үч окуу жайдын ректорлору мындай чечимдин себебин айтып беришти.

Бүгүн Пакистан Кыргызстандын медицина адистерин даярдаган окуу жайларын кара тизмеге киргизгени маалым болду. Өлкө мындай чечимин Кыргызстандан билим алган студенттердин 90 пайызы Пакистандын медицина кеңешинен милдеттүү түрдө каралган экзаменди тапшыра албай, дипломдору таанылбай жатканы менен түшүндүрдү.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстан аталган тизмеге билим берүүнүн начар сапатынан улам киргенин боолголоодо. Мындан тышкары, окуу жайлардын басымдуу бөлүгү эл аралык аккредитациядан өткөн эмес.

Sputnik агенттиги бир нече окуу жайдын ректорлору менен байланышып, түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүп берүүнү өтүндү.

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

КММА

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында Пакистандан келген жүздөгөн студент билим алат. Ректор Индира Кудайбергенованын айтымында, алардын саны төрт жыл мурун, өлкөгө комиссия келип кеткенден кийин өскөн.

Профессор, доктор медицинских наук, ректор КГМА Индира Кудайбергенова. Архивное фото
© Фото / пресс-служба КГМА
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору Индира Кудайбергенова
"2016-жылы республикага Пакистандан атайын комиссия келген. Ал өлкөнүн төрт окуу жайын талапка жооп берет деп тапкан, анын ичинде Медакадемия да бар. Калганы жактырылган эмес. Бул төрт жылдын ичинде 9-10 медициналык окуу жай ачылып кетти. Чакан өлкөгө мынча медициналык ЖОЖдун эмне кереги бар деген кадыресе суроо туулат", — деди Кудайбергенова.

Ректордун айтымында, кыргызстандык окуу жайлардын айрым бөлүгү чет өлкөлүк студенттерди окута алат, буга бардык шарты бар.

"Менимче, бул жаңылыштык болуп калды. Медиктерди даярдаган окуу жайлардын баарын бир катарга коюп коюшуптур, тизмеге бардык ЖОЖдор кирип калган. Бирок төрт-бешөөнүн чет элдик студенттердин окутууга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Биз Пакистандын медицина кеңеши 2016-жылы талапка ылайык келет деп таап кеткен окуу жайларды тизмеден чыгарууну өтүнүп кайрылуу жасадык", — деди Кудайбергенова.

Жетекчи КММАда Сирия, Корея жана башка мамлекеттерден келген студенттер да билим аларын кошумчалады.

Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда

Эл аралык жогорку медицина мектеби (ЭЖММ)

ЭЖММ — Кыргызстандын эл аралык университетинин академиялык консорциумунун структуралык бөлүмү. Студенттердин басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр. Ректор, профессор Сталбек Ахунбаевдин айтымында, түзүлгөн кырдаал күтүлүп эле келген: биринчи коңгуроо Пакистан медициналык билим берүү маселелери боюнча биргелешкен комиссия түзүп, Кыргызстанга жибергенде эле кагылган.

"Комиссия мүчөлөрүн биздин өлкөдөгү ар бир окуу жай өзүнүн программасы менен иштей турганы, ошондой эле медициналык билим берүүнү тескеген кесипкөй ассоциациянын жоктугу абдан таң калтырган. Ошондон кийин комиссия тааныган төрт окуу жай эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө ыңгайлуу болушу үчүн ассоциация түзүү чечимин кабыл алган", — деп түшүндүрүп берди Ахунбаев.

Ректордун айтымында, Кыргызстанда билим берүү ишмердүүлүгү үчүн лицензия алуу кыйла жеңил.

"Талап андай катаал эмес, кыска убакытта медиктерди даярдаган көп окуу жайдын ачылып кеткени да ушундан. Азыр мындай окуу жайлардын саны 20га чукулдап калды. Бул чакан мамлекет үчүн өтө көп", — деди жетекчи.

Ахунбаев кара тизме түзүүдө Пакистан окуу жайдын өзүн эмес, жалпы өлкөнү карай турганын белгиледи.

"Кара тизмеге мамлекет кирет. Учурунда пакистандык студенттер үчүн Румыния да "жабылган". Куба да ушундай тагдырга туш болгон", — деди ректор.

Ахунбаевдин баамында, Пакистандын медицина кеңеши Кыргызстанга комиссия жөнөтөт, бирок бул качан ишке ашары белгисиз. Мындан улам министр менен жолуккан ректорлор көйгөйдү чечүү боюнча алгачкы аракеттерин сунушташкан.

"Биз Пакистанга кара тизмени кайра карап чыгууну сунушташыбыз керек экенин, биринчи этабында 2016-жылы талапка жооп берет деген төрт окуу жайды андан чыгаруу керектигин айттык. Экинчиден, окуу жайлардын топторго бөлүп, аталган тизмеден чыгуу жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледик", — деди жетекчи.

Венгрия: кыргызстандык студенттерге бекер окуу шарты түзүлдү

"Ала-Тоо" эл аралык университети

"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, доцент Санжарбек Эрдолатов окуу жайдын медицина факультети алгачкы студенттерди былтыртан тарта кабыл ала баштаганын билдирди. Анын айтымында, университет дарыгерлерди даярдап чыгара элек, бирок билим алуу үчүн окуу жайда бардык шарт бар.

Ректор международного университета Ала-Тоо доцент, Санжарбек Эрдолатов
© Фото / предоставлено Санжарбеком Эрдолатовым
"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, доцент Санжарбек Эрдолатов
"Бул көйгөйдөн чыгып кетерибизге ишенем. Комиссия Кыргызстанга келип, пакистандык студенттерге кайсы окуу жайлар төп келерин аныктап кетсе болот. Биздин окуу жайда эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лаборатория иштейт", — деди ал.

Эрдолатовдун айтымында, Кыргызстанга келген пакистандык студенттер кабылган көйгөйлөрдүн бири — жергиликтүү окутуучулардын англис тилинин деңгээли.

"Пакистандык студенттер окутуучулар тийиштүү деңгээлде англис тилин билбегендиктен да сапаттуу билим ала албай жатышат. Биз, мисалы, лекторлорду башка өлкөлөрдөн чакырабыз", — деди ректор.

Ал айрым учурда чет элдик студенттер билим алуу шарты менен жатакана боюнча да көйгөйгө тушугарын белгиледи.

"Мен студенттерге бирди көрсөтүп, алар келгенден кийин таптакыр башка көрүнүшкө туш болорун уккам. Мисалы, башка жатакананын эле сүрөтүн пайдаланышат да, студент Кыргызстанга келгенден кийин нааразы болот", — деди Эрдолатов.

Ректор учурда билим алып жаткан пакистандык студенттерге окуусун аяктоого мүмкүнчүлүк берүү керек деген пикирин кошумчалады.

89
Белгилер:
кара тизме, медицина, ЖОЖ, окуу жай, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби
Оорукана. Архив

Министрлик: жарык өчкөндө кычкылтек концентраторуна кошулгандар тынчсызданды

25
(жаңыланган 19:13 29.10.2020)
Айгерчинова азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаары жарыксыз калганда оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган жок. Бирок кычкылтек концентраторунда жаткан бейтаптар бир аз тынчсызданды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Эске салсак, ордо калаада бүгүн, 29-октябрда, болжол менен саат 13:10дор чамасында Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүп, кийинчерээк күйгөн.

"Электр жарыгы көп убакытка өчкөн жок. Мындан улам оорукана, төрөт үйлөрүндө олуттуу көйгөй жаралган эмес. Анын үстүнө ар бир ооруканадагы реанимациялык блок генераторго туташтырылган. Алар жарык өчкөндө автоматтык түрдө иштейт. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар генератордун жардамы менен үзгүлтүксүз иштеп турду. Ал эми кычкылтек концентраторуна туташкан бейтаптар бир аз дүрбөлөңгө түштү. Анткени генератор палаталарга кошулган эмес. Алар болсо палаталарда жатышат", — деди Айгерчинова. 

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

Ал азыркы кырдаалда жарык үзгүлтүксүз берилип турбаса, кычкылтек концентратору менен жаткан бейтаптарга коркунуч жаралып калышы мүмкүн экенин эскертти.

25
Белгилер:
бейтап, Төрөт үйү, оорукана, жарык берүү, Бишкек
Тема боюнча
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады
Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео