Блок-постто турган аскер кызматкерлери. Архив

COVID-19дан улам Ош облусунун аймагына кирип-чыгууга чектөө коюлду

(жаңыланган 17:03 17.10.2020)
Блокпосттор эскертүү катары коюлуп жатат. Автоунаа беш орундуу болсо жүргүнчүлөр үчтөн ашпашы керек. 20 орундуу болсо, жүргүнчүлөр ондон ашпашы зарыл.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Ош облусунун аймагына кирип-чыгууга чектөөлөр киргизилип, ар бир райондун кире беришине санитардык жети блокпост орнотулду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди коронавирус илдети менен каршы күрөшүү үчүн облустук штаб кабыл алган.

Аширбаевдин айтымында, бир райондон экинчи районго өткөн аймактардагы блокпосттордо санитардык кызматкерлер айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн дене табын өлчөп жатат.

Медиктер массалык чогулуунун кесепети 2 жумадан кийин билинерин эскертти

Блокпосттор эскертүү катары коюлуп жатат. Автоунаа беш орундуу болсо жүргүнчүлөр үчтөн ашпашы керек. 20 орундуу болсо, жүргүнчүлөр ондон ашпашы зарыл. Ортодо аралык сакталышы кажет. Бет кап тагынып, коргонуучу каражаттар болуусу шарт.

"Ала-Белде кар жааганына байланыштуу автобустар менен Бишкекке каттоого тыюу салынды. Аны да көзөмөлдөп, бир райондон экинчи районго же облуска өткөндө жарандардын дене табы дагы текшерилип, эгерде температурасы болсо жеринде түшүрүлүп жатат", — деп айтылган маалыматта.

Облустагы айрым райондордо жума намаздарга чектөө киргизилип, массалык иш-чараларга тыюу салынган. Өткөн сутка ичинде Ош шаарында жана облуста жалпы үч бейтап коронавирус илдетинен каза болду.

Белгилер:
бет кап, чектөө, коронавирус, Ош шаары, Ош облусу, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2641)
Тема боюнча
Кечээкиден 39 кишиге көп. Бир суткада 470 адамдан коронавирус табылды
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков

Новиков адам уурдоодо ыкчам реакция кылуу алгоритмин иштеп чыгууну сунуштады

(жаңыланган 23:46 12.04.2021)
Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков адам уурдоо фактысы катталган учурда “Коопсуз шаардын” камералары менен издөө боюнча алгоритм иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

  • Первый вице-премьер-министр КР Артем Новиков на совещании по вопросу насилия в отношении женщин и детей. 12 апреля 2021 года
    Биринчи вице-премьер Артём Новиков адам уурдоо фактысы катталган учурда “Коопсуз шаардын” камералары менен издөө боюнча алгоритм иштеп чыгууну сунуштады
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Первый вице-премьер-министр КР Артем Новиков на совещании по вопросу насилия в отношении женщин и детей. 12 апреля 2021 года
    Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Биринчи вице-премьер Артём Новиков адам уурдоо фактысы катталган учурда “Коопсуз шаардын” камералары менен издөө боюнча алгоритм иштеп чыгууну сунуштады

Новиковдун айтымында, бул кадам милициянын ыкчам иш алып баруусуна шарт түзүп, бюрократияны жоюуга жардам берет.

Ал аялдар менен балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

"Айзаданын (Канатбекова — ред.) трагедиялуу окуясы баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Тилекке каршы, бул жалгыз гана мисал эмес. Акыркы кезде жаңылыктардан мектеп окуучуларынын урушу, аялдардын кордолушу, жашы жете электердин зордукталышы тууралуу гана окуп калдык. Бүгүн биз бул нерселерди алдын алуу үчүн аракеттерди кылышыбыз керек”, — деди Новиков.

Новиков ала качуу боюнча жазаны күчөтүп, адам уурдоо беренесине теңөөнү сунуштады. Ал кагаз жүзүндө көптөгөн концепциялар, стратегиялар иштелип чыкканы менен турмушта колдонулбай келгенин кошумчалады.

Белгилер:
алгоритм, аял, бала, зомбулук, өкмөт, Артем Новиков
Тема боюнча
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги
Айзада Канатбекованы уурдады делген шектүүлөр камакка алынды
Аял көчөдөн бара жатат. Архив

Бишкектеги Бакыт өргөөсүнүн жанынан жоголгон аял Кара-Балтадан табылды

(жаңыланган 22:32 12.04.2021)
Свердлов райондук милициясына аялдын эжеси кайрылып, сиңдиси Борбордук бакыт өргөөсүнүн жанынан жоголуп кеткенин айткан.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте жоголуп кеткен 33 жаштагы Гүлназ Мурсакматова Кара-Балта шаарынан табылды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Кечээ Свердлов райондук милициясына Мурсакматованын эжеси кайрылган. Ал Жумабек жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Борбордук бакыт өргөөсүнүн жанынан сиңдиси жоголуп кеткенин айткан.

Милиция окуянын чоо-жайын кабарлаган жок. Бирок ал табылып, туугандарына өткөрүп берилгенин билдирди.

Белгилер:
Кара-Балта, издөө, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте 3 жашар бөбөк табылып, милиция ата-энесин издеп жатат