Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүВнеочередное заседание парламента Киргизии
Внеочередное заседание парламента Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам боюнча, экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою колдонууга берилет. Мындан башка дагы кандай артыкчылыктар бар экенин Sputnik даярдаган материалдан билүүгө болот.

Отставкага кеткенден кийин Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына жана тийиштүү артыкчылыктарга ээ болду. Бул тууралуу жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Мурунку өлкө башчысына берилүүчү артыкчылыктар "КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жана экс-президенттин макамы тууралуу" мыйзамда айтылган. Биз анын негизги жоболорун карап көрдүк.

Жээнбеков бийликти кантип өткөрүп берди? Тарыхый окуянын ирмемдери

Экс-президент болуу деген эмне

Негизинен экс-президент макамы кайра кайтарылбайт. Мындай статуска ээ болгон адам саясий жана мамлекеттик кызматтарда иштейт албайт. Мындан тышкары, саясий партиялардын жетекчилигинде болууга же анын ишине аралашууга тыюу салынган.

Кол тийбестик

Экс-президентти иштеп турган мезгилиндеги жасаган же жасабаган аракети үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт; аны кармоого, камакка алууга, тинтүүгө же суракка алууга мыйзам жол бербейт. Кол тийбестик анын турак жайына, иш ордуна, пайдаланган транспортуна, байланыш каражатына, ал ээлик кылган архивге, документтерге, багажына да тиешелүү.

Экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине аны макамынан ажыраткандан кийин гана тартууга болот. Кыргызстандын тарыхында мындай учур болгон: былтыр Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алып салынган

© Пресс-служба президента КР / Sputnik / Жоомарт УраимовЭлден кечирим сурады. Депутаттар тактан түшкөн Жээнбековду узаткан видео
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Элден кечирим сурады. Депутаттар тактан түшкөн Жээнбековду узаткан видео

Күзөт

Экс-президент өмүрүнүн акырына чейин мамлекеттик күзөттүн кызматынан пайдаланат.

Сооронбай Жээнбеков аткарылбай калган кыялын айтты

Медициналык кызмат

Экс-президент, анын жубайы жана жашы жете элек балдары мамлекет башчысынын ыйгарым укуктары токтотулган күнү акысыз медициналык жардам алууга укуктуу.

Акча маселеси

Экс-президент пенсия курагына чейин мамлекет башчысынын бир айлык маянасынын 75 пайыз өлчөмүндөгү эмгек акыны ай сайын, өмүр бою алат. Пенсия курагына жеткенде ушул эле өлчөмдөгү каражатты алат.

Баса, айлыктын көлөмү президенттин айлыгынын өсүшү менен көбөйөт.

Эгерде пенсияга чыга элек экс-президент мамлекеттик органда же компанияда эмгек акысы адаттагы төлөмдөн жогору турган кызматка орношсо, анда каржылоо токтотулат. Эгерде жаңы жумушта аз айлык алса, ага айырма төлөнөт.

Экс-президент пенсияга чыккан учурда иштеген ишиндеги айлыгынын өлчөмүнө карабастан, тиешелүү сумма толугу менен төлөнүп берилет.

Бешинчи президент кантип кетти. Жээнбековдун отставкасынан сүрөт түрмөк

Дача жана башка

Экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет. Ал ошондой эле аэропорттордун, бекеттердин жана станциялардын кызмат адамдары жана делегациялары үчүн залдарын акысыз пайдаланууга укуктуу. 

© Sputnik / Табылды КадырбековОтставкага кеткенден Сооронбай Жээнбеков
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме - Sputnik Кыргызстан
Отставкага кеткенден Сооронбай Жээнбеков

Байланыш

Кыргызстанда жүрүп экс-президент өкмөттүк жана мамлекеттик органдарда, жергиликтүү бийлик органдарында жана уюмдарда бар байланыштын түрүн пайдалана алат. Мындан тышкары, байланыш кызматын кезексиз алууга да укугу бар.

Экс-президенттин почта аркылуу жана телеграф менен жөнөткөндөрү өкмөттүк билдирүү катары тейленет.

Жээнбеков УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоюп кетти

Ар-намысты коргоо

Экс-президенттин ар-намысы мыйзам чегинде корголот

Башка кепилдиктер

Экс-президенттин өлүмүнөн кийин анын үй-бүлөсүнө ай сайын жөлөк пул берүү каралган. Анын көлөмү карылык боюнча берилчү пенсиянын минимумунан алты эсеге көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0