Дарыгер ден соолукка пайдалуу нанды атады

© Sputnik / Дильноза АлымоваПреподаватель из Бишкека Галина Тян
Преподаватель из Бишкека Галина Тян - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис ак нанда ден соолукка ашыкча делген углеводдор көп экенин айтып, витаминдер менен микроэлементтерге бай нанды сатып алууну сунуштаган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Дүкөндөн нан алууда этикеткасын жакшылап окуп чыгып, байытылган ундан жасалганын алган оң. Бул тууралуу дарыгер-гастроэнтеролог Нурия Диановага шилтеме берүү менен "Известия" жазды.

Эксперт түшүндүргөндөй, витаминдер менен микроэлементтер дал ошол байытылган ундан жасалган нанда көбүрөөк болот. Ак нанда углеводдон башка нерсе жок экенин белгилеген.

Онколог суунун ичеги-карынга тийгизген пайдасын айтты

Ошондой эле ал нандын жытына көңүл бурууну эскерткен. Эгер ал өтө кычкыл же ачыткы жыттанып турса, албай эле койгон туура. Ачыткы көп учурда кишини зарна кылат.

Мындан тышкары, гастроэнтеролог нан кошулмалары жөн гана "маркетингдик амал" экендигин билдирген. Тагыраагы, кургатылган мөмө-жемиштер менен жашылчалардын кесими азыктын калориясын көбөйтүп жиберет.

Жаңылыктар түрмөгү
0