Киши телефон менен. Архив

Адис уюлдук телефонго жакындарды "ата", "апа" деп сактабаш керектигин айтты

562
(жаңыланган 10:05 19.10.2020)
Юрист белгилегендей, чөнтөк телефон жоголбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан коопсуздук эрежелерин эске алуу зарыл.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Уюлдук телефон жеке маалыматтардын көбүн камтыгандыктан, аппаратын жоготкон адам бир топ кыйынчылыкка кабылат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Москвадагы "Защита" адвокаттар коллегиясынын башчысы Анатолий Миронов айтып берди. 

Адистин билдиришинче, телефон жоголбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан бир нече коопсуздук эрежелерин эске алуу зарыл. Анын ичинде гаджетке жакын адамдардын кандайча тууган экенин жиликтеп жазбай эле койгон оң.

Телефон номерден акча которуунун кооптуулугун юрист айтып берди

"Маселен, айрымдар номерлерди "ата", "апа" же "эже" деп туруп, кайра атын дагы толук жазып коюшат. Бул уурулардын ишине эле жол ачат. Алар сиздин атыңыздан туугандарга чалып же жазып, ар кандай нерсени талап кылышы мүмкүн. Жол кырсыгына кабылдым, укук коргоо органдары кармап кетти же башка толгон-токой шылтоону айтып акча өндүрүп алышы ыктымал", — деген юрист.

Ошондой эле эксперт телефонго банк карталарынын сыр сөздөрүн жана көп кабаттуу батирге киргенде тере турчу номерлерди сактабай эле коюну сунуштаган.

Мындан тышкары, аппараттагы маалыматтарды байма-бай текшерип, коопсуздукка коркунуч келтире турчуларын оңдоп-түзөп же тазалап эле койгон туура экенин кошумчалаган.

562
Белгилер:
коопсуздук, уурдоо, номер, уюлдук телефон
Тема боюнча
Банктык картанын номерин билген киши акча уурдай алабы? Жооп
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

363
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

363
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда
Лыжа базасында эс алуучу. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

66
30-ноябрга караган түнү өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрь, дүйшөмбүдө, күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4 …-9, Ысык-Көлдө -4…+1 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада -4…-6, Ош шаарында -1…+1 градуска жетет.

66
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет