COVID: Бишкектеги ооруканаларда 68 бош орун бар. Тизме

Жазылуу
Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкектеги медициналык алты жайдын ичинен азыр бош орун №1 шаардык клиникалык ооруканасында көп.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн азыркы тапта 68 бош орун бар экенин билдирди.

Маалымат 19-октябрь саат 8:00гө карата берилген.

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 9;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 2;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 21;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 17;
  • Темир жол ооруканасы — 19;

Кыргызстанда коронавирустан дагы үч киши каза тапты

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны өлкөдө 52 526га жетти. Анын ичинен 45 863 бейтап айыгып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0