Бишкекте "Тулпар" картасы кайрадан бериле баштады

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Тулпар" картасы. Архив
Тулпар картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эпидемиологиялык абалдан улам жарандардын коопсуздугу үчүн кызыл картаны таратуучу бардык түйүндөрдө санитардык нормалар сакталган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Тулпар" көзөмөл кызматынын кызыл картасын берүү бүгүндөн тарта кайрадан жанданып, Бишкек шаарынын төрт районунда таратылып жаткандыгын Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Кызыл картаны жарандар саат 9:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү даректерден алса болот:

  • Ленин райондук акимчилиги — Чүй проспектиси, 315;
  • Октябрь райондук акимчилиги — Байтик баатыр көчөсү, 17;
  • Свердлов райондук акимчилиги — Чүй проспектиси, 28;
  • Биринчи май райондук акимчилиги — Жибек жолу проспектиси, 348.

Белгилей кетсек, жарандардын коопсуздугу үчүн кызыл картаны таратуучу бардык түйүндөрдө санитардык нормалар сакталган.

Андан сырткары, транспортко түшүү боюнча эрежелерин эске салышкан.

"Автобустарга жана троллейбустарга бир гана алдыңкы эшигинен кирүү керек", — деп айтылган маалыматта.
Жаңылыктар түрмөгү
0