COVID-19: Кызыл жарым ай коому ыктыярчыларды кызматташууга чакырат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук Кызыл жарым ай коомунун логотиби. Архив
Улуттук Кызыл жарым ай коомунун логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыктыярчы болгусу келгендердин жашы 18ден жогору жана бекем иммунитети болушу шарт. Ошодой эле алар даярдоо курсуна туруктуу катышып, COVID-19 илдетине ыкчам реакция кылууга үйрөнүшү керек.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Улуттук Кызыл жарым ай коому COVID-19 кайрадан күч алып келе жатканына байланыштуу ыктыярчыларды кызматташууга чакырууда. Бул тууралуу аталган коомдун маалымат кызматынан кабарлашты.

"Оору күч алып келе жаткандыктан вирус жуктуруп алган жарандарга, өзгөчө калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчыларды топтоп жатабыз. Каалоочулар атайын даярдыктан өтүү үчүн Улуттук Кызыл жарым ай коомунун жакынкы кеңсесине кайрылуусу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Ыктыярчы болгусу келгендердин жашы 18ден жогору жана бекем иммунитети болушу шарт. Ошондой эле алар даярдоо курсуна туруктуу катышып, COVID-19 илдетине ыкчам реакция кылууга үйрөнүшү керек.

Атайын курстарда алар алгачкы жардам көрсөтүүдөн тарта бейтапты ооруканага жаткыруу жолдоруна чейин өздөштүрүшөт.

Каалоочулар төмөндөгү номерлерге кайрылса болот:

  • Бишкек шаары: +996705300190;
  • Кара-Балта шаары: +996551248613;
  • Токмок шаары: +996553070701;
  • Ош шаары: +996778370483;
  • Каракол шаары: +996700934525;
  • Жалал-Абад шаары: +996779628861;
  • Талас шаары: +996700656153;
  • Баткен шаары: +996700828783;
  • Нарын шаары: +996703056059.
Жаңылыктар түрмөгү
0